Түндүк Корея өзөктүк куралдан баш тартуу шартын атады

АКШ өзөктүк куралдан баш тартмайынча Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк курал колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн жок кылбайт. Бул тууралуу 16-октябрда Түндүк Кореянын БУУдагы атайын өкүлү Ким Ин Рен билдиргенин чет элдик ММКлар жазышты.

Чиновник Түндүк Корея дүйнөдө өзөктүк куралдан биротоло баш тартуу идеясын колдой турганын, бирок азыркы тапта өзөктүк куралы жана континенттер аралык ракеталары "Түндүк Кореянын өзүн коргоосуна" керектигин айтат.

"Дүйнөдө бир дагы өлкө АКШнын мындай түз өзөктүк курал боюнча коркутууларына кабылган эмес. Корея жарым аралындагы кырдаал болуп көрбөгөндөй чекке жетти, өзөктүк согуш каалаган учурда башталып кетиши мүмкүн. АКШнын бардык аймагы биздин ракеталар учуп жете ала турган жерде. Эгерде АКШ биздин ыйык жерибизге бир аз эле баш бакса, алар биздин катаал жазадан качып кутула алышпайт", - деди дипломат.

Эскерте кетсек, 3-сентябрда Түндүк Корея континенттер аралык ракетасына жабдылчу суутектик жарылчу заттын ийгиликтүү сыноодон өткөнүн жарыялаган. Бул аракет үчүн Түндүк Кореяга каршы БУУнун Коопсуздук кеӊешинин жаӊы санкциялары жарыяланган. Түштүк Корея менен Япониянын аскердик күчтөрү бул жарылуучу заттын кубаты 1945-жылы Хиросима жана Нагасаки шаарларына ташталган атомдук жарылуучу заттан бир топ эсе күчтүү деп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан