СССРдин эл артисти, Кыргыздын тунгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелиги ачылды. Эстелик анын атын алып жүргөн Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин алдында тургузулуп, бүгүн, 19-октябрда ачылыш аземи өттү.
Салтанаттуу иш-чарага окуу жайдын эмгек жамааты, маданият кызматкерлери, Маданият маалымат жана туризм министри Түгөлбөй Казаков катышты.
Эстеликтин ачылышы окуу жайдын 50 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулуп жаткан бир нече иш-чаранын бири экенин окуу жайдын ректору Мамашарип Чотонов билдирди.
"Эстеликти окуу жайыбыздын алдына орнотуу идеясы эмгек жааматына өткөн жылы Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдык мааракесин белгилеп жаткан учурда келген. Мындан 2 жыл мурун биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы түзүлгөн. Атайын марафон өткөрүп, бир аз акча каражат чогултканбыз, эстеликти тургузууга ошол каражат жумшалды", - дейт ректор.
Эстеликтин автору, Кыргыз эл сүрөтчүсү, профессор Сардарбек Ажиев да бул ишке өз салымын кошуп, топтолгон 300 миң сомго аны жасоого макул болгон. Эстеликти жасоого 5 ай убакыт кеткен.
Жыл сайын улуу балеринанын туулган күнүндө окуу жайдын студенттери жана мугалимдери чоң программадагы концерттерди берип, спектаклдерди коюп, кыска метраждуу кинотасмаларды тартып жаткандыктарын Мамашарип Чотонов кошумчалады.