Чаткал районунун 31 жаштагы Жылдыз Төрөбекова аттуу тургуну төрөттөн каза болду. Иниси Султан Төрөбековдун билдиришинче, Жылдыз Төрөбекова 6-сентябрда Ала-Бука райондук ооруканасында операция жолу менен кыз төрөп, андан кийин каза болуп калган.
Окуяда бир нече дарыгерлер катышкан, бир нече жоопсуз суроолор бар. Маркумдун иниси Султан Төрөбеков: “Ош облустук ооруканада гинеколог Айгүл Абдыкадырова, уролог Сарвар Абдуллаев деген эки дарыгерге дагы төртөө кошулуп 6 адам операция жасашат. Алар тешилген табарсык менен заара чыгаруучу каналды тигип, жатындын жок экенин аныктап айтып беришти. Эжем жандандыруу бөлүмүндө 4 саат жатып көз жумду. Дарыгерлер “2-3 саат эрте алып келгенде, балким, сактап калмакпыз” деп айтып жатышат”, - дейт.
Окуянын чоо-жайын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№781, 20-октябрь, 2017-жыл) окуй аласыз.