Бишкекте рейд жүргүзүлүп, ата-энесинин көзөмөлү жок түн ичинде көчөдө жүргөн 58 жаш өспүрүм кармалды

Зордук-зомбулукка каршы күрөшүү максатында рейд жүргүзүлүп, ата-энесинин көзөмөлү жок түн ичинде көчөдө жүргөн 58 жаш өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрдан 20-октябрга чейин зордук-зомбулука каршы күрөшүү боюнча ыкчам-алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн. Натыйжада 58 жаш өспүрүм аныкталып, алардын ичинен 16 өспүрүм Жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилген. Калган өспүрүмдөр түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин ата-энелерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан