Стамбул шаарында 20-22-октябрь аралыгында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Түркиянын кубогунда Кыргыз балбандары 5 медалга ээ болушту. Аталган мелдештин 3 күндүк жыйынтыгында Кыргыз спортчулары 1 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медаль тагынышты. Кыргыз курамасынын капчыгына алтын медалды грек-рим стилиндеги 74 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Акжол Махмудов алып келди. Ал финалда түркиялык балбанга туш келип, жеңишке жетти.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Алтын медаль: Акжол Махмудов;
Күмүш медаль: Куттубек Абдыкерим уулу, Халмурат Ибрагимов, Таалай Орузбаев;
Коло медаль: Кунай Нурдавлетов.