Бишкекте бир канча жылдан бери көмүр саткан Эламан Абыловдун айтымында, көмүрдүн бир тоннасы былтыркыга салыштырмалуу 500 сомго кымбат. Буга Кыргыз-Казак чек арасынын жабылышы негизги себеп экенин айткан.
"Дээрлик бир айдан бери Казакстандан көмүр келбей калды. Мындан улам Чүй облусу жана Бишкек шаарында көмүр жетишсиз болууда. 2016-жылга салыштырмалуу 500 сомго кымбат. Учурда көмүр Кара-Кечеден гана келүүдө. Бир тоннасынын баасы 4000 сом. Ал эми бир кабын 170 сомдон сатып жатабыз. Өлкөнүн түштүгүнөн дагы көмүр алып келсек болот, бирок баасы кымбатка туруп калат. Бир кар жааса көмүр дагы кымбаттайбы деп турабыз. Мурда Казакстандан көмүр келип, баа тең салмакта кармалып турчу эле", - деди Эламан Абылов.
Ал эми атын атагысы келбеген сатуучулардын бири айдоочулар Кара-Кечеден көмүр ташып үлгүрбөй жатышканын айтат.
"Казакстандан келген көмүрдүн көбү Бишкектеги ТЭЦке кетчү. Азыр ал жактан келбей калгандыктан Кара-Кеченикин ташып жатышат. Учурда Кара-Кечеден көмүр ташып жаткан ар бир айдоочу алгач бир рейс Балыкчыга алып барып, андан соң бизге алып келип жатышат. Себеби көмүрдү темир жол аркылуу ТЭЦке ташышат экен. Мындан улам көмүр ташып үлгүрбөй жатышат", - деди сатуучу.