Бүгүн, 3-ноябрда Ташкент шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин отуруму өтүүдө.
Орусиялык маалымат каражаттары билдиришкендей, анын жүрүшүндө Кыргыз премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев Кыргыз-Казак чек арасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу кайым айтышкан.
Андан кийин сөз алган Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев бул маселе боюнча пикирин билдирди. "Мындай форматтагы жолугушуулар ушунусу менен пайдалуу. Эки тарап соода-экономикалык мамилелер боюнча пикирлерин айтышты. Бул маселени чечүүгө мүмкүнчүлүктөр пайда болоруна үмүттөнөбүз", - деди Медведев.