Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаарында футбол боюнча жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курама командасы Непал командасынын үстүнөн жеңишке жетти.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алган беттеш Кыргыз курамасынын пайдасына 2:0 эсебинде жыйынтыкталды. Оюндун башталышында эле Кыргыз курамасы басым кылууга аракеттенди. Кыргыз футболчулары 21-мүнөттө эсеп санын ачышты. Анда Алимардон Шукуров атаандашынын айып аянтчасына кирип Гүлжигит Бөрүбаевге топту чыгарып берген. Бөрүбаев таамай сокку менен эсепти 1:0 кылды. Стадиондогу күйөрмандар Кыргыз курамасын мыкты колдоп жатышты. 90-мүнөткө чейин эсеп саны 1:0 бойдон кармалып турду. Кошумча убакыттын акыркы мүнөтүндө атаандашынын катасынан улам Кыргыз спортчулар чабуулга чыкты. Алимардон Шукуров дарбазачы менен бетме-бет чыгып ийгиликтүү сокку узатты. Эсеп саны 2:0гө айланып, беттеш жыйынтыкталды.
Беттештен кийинки маалымат жыйында Непал курама командасынын машыктыруучусу Лопсанг Гюрунг командасынын жеңилип калган себебин айтты.
"Менин оюнчуларым бүгүн толук кандуу ойной алышкан жок, анткени биз узак жол арытып келдик. Биздин команда кечээ күнү гана келген. Оюнчуларга Кыргыз өлкөсүнүн климатына көнүш аябай оор болуп бир нече футболчу ооруп да калды. Ошондой эле Кыргыз курамасынын оюнчуларын белгилеп кетет элем, алар мыкты ойноп, күчтүү экенин көргөзүштү", - деди машыктыруучу.
Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу Николай Южанин өз сөзүндө бардык Кыргыз командасынын күйөрмандарын куттуктады.
"Бул оюн азыркы курам үчүн алгачкы болуп эсептелет, буга чейин алар мындай беттештерге катышкан эмес. Чынын айтканда, Кыргыз футболчулары алгачкы оюнда эле артыкчылыктарын көрсөтө алды, экинчиден атаандашына кооптуу абал жаратканга мүмкүнчүлүк берген жок. Көрүүчүлөрдүн колдоосу акыркы мүнөттө гол киргенге чейин бизге абдан жардам берди. Аларга ыраазычылык айтмакчымын жана баарын куттуктайм", - деди Южанин.