Казакстан Кыргыз тарап бажыдагы абалды жакшыртпаса чек арадагы көзөмөл дагы күчөтүлөрүн билдирди

Казакстан Кыргыз тарап бажыдагы абалды жакшыртпаса чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү улантыла берерин билдирди. Бул тууралуу Казакстандын Каржы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасынын орун басары Госман Амрин айтканын казак басылмалары бүгүн, 3-ноябрда жазып чыгышты.

Анын айтымында, Кыргыз мамлекети бажыдагы кемчиликтерди жоюу сунушуна расмий жооп бере элек.

“Биз бажыда бирге иштөөнү сунуштап жатабыз. Бардык тараптар менен бирдей талап коюудабыз. Товарлар кандай баада түшкөнү боюнча маалымат алмашууну дагы сунуштаганбыз. Бул көйгөйдү бирге чечүүгө аракет кылышыбыз керек. Анткени биз бир тууган элбиз. Кыргыздар буга макул болбосо чек арадагы көзөмөлдү күчөтүүнү улантабыз. Биз бул нерсени ачык айтып жатабыз”, - деди Госман Амрин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан