Кыргыз-Казак премьер-министрлери КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммитинде кайым айтышты

Бүгүн, 3-ноябрда Ташкент шаарында КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өтүүдө. Анын жүрүшүндө Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Сапар Исаков менен Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев кайым айтышты.

Сапар Исаков Кыргыз-Казак чек арасындагы көйгөйлөр тууралуу айтып берди. “Кыргыз мамлекети эркин соода аймагы жөнүндө протоколду ратификациялаган жана бардык шарттарды аткарган. Тилекке каршы, эркин соода аймагынын иши жөнүндө айтуу кыйын, анткени айрым катышуучулар шарттарды аткарбай жатышат. Кыргыз-Казак чек арасында бул норма аткарылбай жатат. Казакстан транзиттик артыкчылыгынан пайдаланып, чек арадан унааларды жана товарларды өткөрбөй коюуда. Чек арадан автоунаалар 5 күн өтүшөт. Алар тараптан дайыма Кыргыз өлкөсү товарларды аткезчилик жолу менен алып келүүдө деген сөздөр айтылат. Айыл чарба продукциясын жана сүт азыктарын контрабанда деп атаганга болобу? 20 күндөн бери абал өзгөрбөй турат. Бул жагдай кыргыз тарапты Евразиялык экономикалык биримдигине жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кайрылууга түртүүдө. Кыргыз өкмөтү күчөтүлгөн чара убактылуу деп ишенет”, - деди Сапар Исаков.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев өз кезегинде бул маселе боюнча сөз козгоону каалабаганын айтып, бирок Сапар Исаковго жооп берүүгө мажбур болгонун айтты.

“Биз мыйзам чегинде иш-аракеттерди жүргүзүп, кырдаалды чече ала турган бир нече пункттардын аткарылышын талап кылып жатабыз. Биринчиден, кыргыз тарап салык мыйзамдарынын нормаларын ЕАЭБдикине шайкеш келтириши керек. Экинчиден, жасалма продукцияларды өткөрүүгө жол бербеши зарыл. Үчүнчүдөн, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөлдү туруктуу камсыздаш керек. Ал эми төртүнчүдөн, чек арадан баңгизаттардын жана куралдардын аткезчилик жолу менен өтүүсүнө жол берилбеши зарыл”, - деди Сагинтаев.

"Биз бир гана өз коопсуздугубузду эмес, башка өлкөлөрдүкүн да ойлоп жатабыз. Казак тарап ЕАЭБдин алкагында жардам берүүгө даяр”, - деп кошумчалады Казак премьери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан