9-декабрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эрежесиз уруш боюнча Jash Kuch fighting championship (JFC) мелдеши өтөт. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучулары билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Казакстан, Өзбекстан, Украина жана Чечен Республикасынын мушкерлери катышып Кыргыз мушкерлери менен беттешет.
Мелдештин негизги беттеши катары учурдагы JFC'нин чемпиону Мыктыбек Мамасалиев украиналык Юрий Проценко менен чемпиондук кур үчүн күч сынашат.
Беттештердин тизмеси:
70 килограммга чейинки салмак ченинде:
Авазбек Жоробаев - Эронов Эльдор (Өзбекстан);
Орозбек Марипов - Ахлиддин Мирзодавлатов (Өзбекстан);
Жыргалбек Эмилбеков - Eркын Талгатулы (Казакстан)
77 килограммга чейинки салмак ченинде:
Руслан Таштанкул уулу - Шахзоджон Сабиров (Өзбекстан);
Фарух Абдужаббаров - Бахтиёр Турсунов (Тажикстан);
Данияр Бабакулов - Владимир Гунжу (Украина);
84 килограммга чейинки салмак ченинде:
Реванштык беттеш - Жаныбек Аматов - Мирас Шантасов (Казакстан);
Чемпиондук кур үчүн беттеш:
Мыктыбек Мамасалиев - Юрий Проценко (Украина).