Кечээ, 9-ноябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында бокс боюнча Өлкө чемпиондугу старт алды. Анда 110дон ашуун спортчу өлкө чемпиондугунун наамы үчүн күч сынашууда.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлагандай, мелдеш улуттук бокс федерациясынын 90 жылдыгына ыйгарылган. Мелдешке өлкөбүздүн бардык аймагынан спортчулар келип катышууда.