Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө келе жаткан 302 миң 400 даана жумуртка ветеринардык документтери жок болгондуктан артка кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Манас Майканов билдирди.
Анын айтымында, кечээ, 11-ноябрда Кыргыз-Казак чек арасындагы "Ак-Тилек " өткөрүү бекетинде Казакстандан Кыргыз жергесине алынып келе жаткан 840 кутудагы жумурткалар текшерүүгө алынган. Алардын ЕАЭБдин талаптарына ылайык ветеринардык көзөмөлдөн өткөнү тууралуу документтери болгон эмес. Буга байланыштуу Кыргыз жергесине алынып келе жаткан Казакстандын Кустанай облусундагы "Жас-Канат 2006" ишканасынын 302 миң 400 даана жумурткасы боюнча акт түзүлүп, кайра Казакстанга кайтарылган.