Орусиянын ТНТ телеканалы мындан ары чет элдик тасмаларды көрсөтпөйт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар бүгүн, 20-ноябрда жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ТНТ телеканалы мындай чечимди кабыл алганын директору Артур Жанибекян билдирген. Анын айтымында, мындан ары аталган каналдын эфиринен берилүүчү чет элдик тасмалардын ордун каналдын жамааты даярдаган жаңы берүүлөр толуктайт.
"Биз каналыбыздын эфирин өзүбүздүн көрсөтүүлөрүбүз менен толтуралы деп жатабыз. ТНТ каналынын көрүүчүлөрүнүн саны дагы да болсо көбөйөт деп ишенем", - деп билдирген каналдын жетекчиси.
ТНТ (Твоё новое телевидение) телеканалы 1997-жылы негизделген. Аталган канал орусиялык эң популярдуу 5 телеканалдын катарына кирет. Каналдын аудиториясынын басымдуу бөлүгүн 14 жаштан 44 жашка чейинки телекөрүүчүлөр түзөт. Негизинен канал көңүл ачуучу багытта иш алып барып эфирде телешоу жана комедиялык сериалдарга көп убакыт бөлүнөт.