ЖЫЛНААМА, 21-НОЯБРЬ: Бүткүл дүйнөлүк саламдашуу күнү. Тил сунуп, мурун тийгизип, бетке түкүрүп учурашкан өлкөлөр бар экенин билчү белеңиз?

Бүгүн, 21-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк саламдашуу күнү. Бул майрамды 1973-жылы америкалык бир туугандар Майкл жана Брайен Маккомактар Египет менен Израиль мамлекеттеринин ортосундагы пикир келишпестикке карата ойлоп табышкан. Демилгечилердин бул идеясы 180ден ашуун мамлекеттерде колдоого алынып, жыл сайын 21-ноябрда дүйнө элдери кесибине, жаш курагына карабай бул майрамды белгилеп келишет. Майрамдын максаты - тынчтыкты сактап калуу үчүн коомчулуктун көңүлүн пикир алышуунун маанилүүлүгүнө буруу болуп эсептелет.

Өткөн мезгилде пайда болгон учурашуу салты

Адамдар байыртадан эле бири-бирине ар кандай түрдө салам айтып келишкен. Мисалы, өткөн мезгилде баатырлар өздөрүнүн башындагы темир баш кийимин чечип салам айтышкан. Алар муну менен жолуктурган адамдан кандайдыр бир сокку алыштан коркпой турганын, ага ишенерин билдиришкен.

Байыркы гректер бири-бирине "кубан" деген сөз менен салам беришкен. Зулустар болсо мурдун тийгизишип "мен сени көрүп турам" деп саламдашса, египеттиктер бет келишкенде "кандай тердеп жатасыз?" деп сурашкан. Ал эми монголиялыктар "мал-жан аманбы?" деп учурашышкан.

Ар кайсы мамлекетте учурашуунун түрдүү ыкмалары

Ар бир өлкөдө ар кандай учурашуу ыкмасы колдонулат. Тибеттиктер салам айтканда бир аз ийилип анан тилин сунуп коюшат.

Кенияда отурукташкан акамба уруусунда урматтоонун жана учурашуунун белгиси катары жолуккан адамдын жүзүнө түкүрүү абзел.

Масаилер алгач колуна түкүрүп андан соң гана кол алышып учурашат.

Кол алышып учурашуу

Малайзиялыктар алгач кол алышып учурашып, андан кийин оң колун бооруна алып "кайда бара жатасың" деп суроо узатышат.

Бенин Республикасында кол алышкан соң "кандай турдуңуз" деп суроо керек.

Байыркы Индияда кол алышып учурашуу нике кыюунун бир бөлүгү болуп эсептелген.

Кээде кол алышып учурашуу өмүрдү да сактап калышы мүмкүн. Англиялык Марк Гурьери кокусунан бир адам менен таанышып калат. Марктын жаңы таанышы тажрыйбалуу дарыгер болгондуктан кол алышып учурашып жаткан мезгилде Марктын колунун абалынан эле, анын баш мээсинде шишик бар экенин билип коёт. Ошентип тажрыйбалуу дарыгер Гурьерини бейтапканага өз убагында жиберген.

21-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Isco23
2017-11-21 19:38:30
Суйгонун мн ушинтип учурашсан барбы атагат
-1
sumaya
2017-11-22 03:24:25
Колуна тукуруп анан учурашкандарын,анан бетине тукурушконун элестеттим ... XXXX ...
+1
kyrgyz-patriotu
2017-11-22 10:01:49
Адамдык сапатка жакпай турган иштер. Бизден улгу алышса жакшы болмок, кадимкидей салам, кандай деп кол алышып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан