24-ноябрда гана O!Phone 4G смартфонуна 60 пайызга арзандатуу

О! мобилдик оператору дүйнөлүк окуяга – 2017-жылдын "Кара жумасына" кошулуп жатат. Ал жакында, 24-ноябрь күнү бардык O!Store фирмалык дүкөндөрүндө өтөт.

Бүт Кыргызстан боюнча O!Store дүкөндөрүнүн кардарлары бул күнү ишенимдүү жана саркеч O!Phone 4G смартфонун болгону 1990 сомго сатып ала алышат. Оригиналдуу Android платформасында иштеген, төрт ядролуу процессору бар, Skype, WhatsApp жана Viber, Instagram, Facebook же Одноклассники сыяктуу сүйүктүү тиркемелер менен толук кандуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген смартфон үчүн бул укмуштуудай арзандатуу. Аны менен фото, видео тартууга, сүйүктүү оюндарды ойноого же музыка угууга болот. O!Phone 4G смартфону сиздин бардык мультимедиа файлдарыңызды кол алдында кармоого мүмкүнчүлүк берген 32 ГБ чейин эс-тутум картасына ээ. Бул баскычтуу телефонун көптөн бери алмаштыргысы келгендер үчүн мыкты вариант.

Арзандатылган баа менен смартфон сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен катар, O!Store дүкөндөрүндө сизге смартфондордун моделдик катарын көрсөтүп, сизге туура келгенин тандоого жардам беришет. Ошол эле жерде пайдалуу тарифке кошулуп, кооз номерди тандап жана аппаратыңыздын интернетке чыгышын ырастап аласыз. Ошондой эле азыр жүрүп жаткан акциялар тууралуу да маалымат беришет. O!Store дүкөндөрүндөгү "Кара жума" 1 гана күн болот. Жылдын ири сатып түгөтүүсү 24-ноябрь күнү таң эрте башталып, күн бою уланат.

"Кара жума" (Black Friday) – бул ноябрь айынын аягында дүйнө жүзүндөгү бардык дүкөндөрдө жыл сайын өтүүчү сатып түгөтүү күнү. Эреже катары кардарларга бул күнү түрдүү товарлар үчүн эбегейсиз чоң арзандатуулар сунушталат.

Смартфон керекпи? O!Store дүкөнүнө кел!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (61)
mekajan92
2017-11-22 19:47:51
okgmobile алганга жетишемби кандай жолдор менен алам мисалы паспорт керекби
0
Okgmobile
2017-11-23 16:01:59
mekajan92,
Паспорт керек эмес. Смарфонду биздин бут кенселерибизден жана O!Store дукондорубуздон сатып алсаныздар болот. Даректери бул жерде: https://o.kg/kg/chastnym_klientam/support/Adresa-i-kontakty/.

Же www.ostore.kg сайтынан ушул телефон аркылуу 0705 00 70 00 сатып алсаныздар болот.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору
0
Gulim_zamujem
2017-11-22 20:50:32
Бишкектеги адресинерди жазгыла барам паспорт керекпи
0
Okgmobile
2017-11-23 16:03:26
Gulim_zamujem,
Саламатсызбы. Бишкекте бизде жыйырмадай кенсебизбар. Ушул шилтемеден баарын коро аласыз: https://o.kg/kg/chastnym_klientam/support/Adresa-i-kontakty/ofisy-prodazh-i-obsluzhivaniya/

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору
0
Okgmobile
2017-11-23 16:03:40
Gulim_zamujem, паспорт керек эмес.
0
Fotosintez
2017-11-22 21:42:49
Билайн симкарта тушобу
0
Okgmobile
2017-11-23 16:05:28
Fotosintez,
Саламатсызбы. Бул смартфон эки сим-карта менен иштей алат. Бирок башка операторлордун сим-карталары 2G гана туйунундо. О! сим-картасы болсо 4G стандартында иштейт.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору
0
bakulya2015
2017-11-22 22:20:16
Саламатсызбы? Кадамжайда кайжерге баралы алуу учун?
0
Okgmobile
2017-11-23 16:04:25
bakulya2015,
Саламатчылык. Суроонузга рахмат. Кадамжайда дрегибиз: Гагарин көчөсү, №жок, ориентир: Пульгон-Автобекет. Иштөө графиги: 9:00дөн 18:00гө чейин, түшкү тыныгуу 13:00-14:00, дем алыш – жекшемби.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору
0
Eli.91
2017-11-22 22:34:25
саламатсыздарбы телефон о!башка Билайн мегаком симкаларды окуйбу?Жана биз отурган жерде начар?
0
Okgmobile
2017-11-23 16:06:00
Eli.91, Саламатчылык!
Бул смартфон башка операторлордун сим-карталары дагы иштейт, бирок 2G гана туйунундо. О! сим-картасы болсо 4G стандартында иштейт.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору
0
aman0296
2017-11-22 22:42:46
4990 сомго алгандар эмне кылабыз. Кайра 3000 сомду кайтарып беришеби?
-1
Okgmobile
2017-11-23 16:07:15
aman0296,
Сиз болсо Бир жыл бою акысыз интернет жана чалууларды аласыз. Бул акция боюнча смартфонду алгандар акысыз мунотторду жана мегабайттарды алышпайт.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору
0
mekajan92
2017-11-22 23:55:31
телефонду колдонуп жаткандар барбы кандай гарантия айта аласынар
0
asyl85
2017-11-23 00:19:33
бишкектен адресинерди жазгылачы
0
Okgmobile
2017-11-23 16:06:52
asyl85,
Бул шилтемеде бут даректер корсотулгон: https://o.kg/kg/chastnym_klientam/support/Adresa-i-kontakty/ofisy-prodazh-i-obsluzhivaniya/

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору
0
Nurali_kg
2017-11-23 00:31:27
Кара Балдада О дукону барбы?
0
Okgmobile
2017-11-23 16:07:37
Nurali_kg,

Кара-Балтадагы даректерибиз:

Кожомбердиев көч., №жок, «Народный» дүкөнүнүн жанында, 1-кеңсе. Иш графиги : 09:00-19:00, тыныгуусуз жана дем алышсыз.

Кожомбердиев көч.,№жок, Почтовый району, ориентир – «Береке» базары, 2-кеңсе. Иш графиги : 09:00-17:00, Ишемби – дем алыш, Жекшемби 09:00 - 14:00.
0
Nurali_kg
2017-11-23 20:35:36
Okgmobile,Эртен барып алсам болотб
у?
0
mikasa2
2017-11-23 12:24:26
сиздердин акция озунорго тиешелууго гана иштеп жатат. Кочкор-Ата шаарында, эртенки акция тууралуу сурап кирсек уже калбаптыр, сатып ийиптир заранее эле, эмне эскерткен жоксунар анда мурдараак толоп койгула деп. 24 дебей эле
0
Okgmobile
2017-11-23 16:47:30
mikasa2,
Саламатсызбы. Акция эртен гана башталат, демек 24-ноябрында смартфондор кенселерибизде бар болот. Эске салсак, смартфондордун саны чектелуу, ошондуктан эртереек келсениз, балким жетишесиздер.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору

0
mikasa2
2017-11-23 16:50:22
Okgmobile,мага бугун айтты, калган жок, акчасын толоп кетти дешип, акция болгон куну ким жетишсе ошол алмак да, шарт боюнча. Бирок бироолор брондоп коюптур.
0
Okgmobile
2017-11-23 16:56:40
mikasa2, Биз азыр эле тактап алдык - эртен жаны партия келет.
0
mikasa2
2017-11-23 17:30:10
Okgmobile,рахмат, оперативдуу жумушунуздарга! О абоненти бололу эртен анда :)
+1
Okgmobile
2017-11-23 18:02:27
mikasa2,
Эртен Сизди кутобуз :) Жетишип аласынар, деп умуттонобуз.
+1
Snejana
2017-11-24 00:14:59
Okgmobile,саламатсызбы! Биз уй-булообуз менен О ну колдонобуз. Бирок акыркы кундору интернет аябай начар иштеп атат, операторлор дагы жакшылап жооп бербейт. "Адис бош эмес, 20-14 мунот кут" деп тажатат. Жумасына 95 сом салам. Же айылдарда ушундайбы? Эгерде ушундай боло берсе, Билайнга которулсамбы деп ойлонуп атам.
0
Okgmobile
2017-11-24 09:37:25
Snejana, саламатчылык!

Биз сизге жардам берүүгө жана көйгөйдү чечүүгө аракет кылабыз. Сизден текшерүү үчүн номериңизди жана так даректи answer@nurtelecom.kg билдирүүнү өтүнөбүз. Деталдуу диагностика жүргүзүп, Сизге кайра байланышууга чыгууга даярбыз.

Терең урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
+1
kursanali_shibee
2017-11-23 17:07:07
Эртен барамын.мен баргыча калбаса керек
+1
oroskulov1988
2017-11-23 19:09:52
Начар телефон катый берет
0
Aznazalai
2017-11-23 20:54:04
Карабалта шаарында 4ж билайндын 3ж сынан да начар
0
Eli.91
2017-11-24 11:04:11
Кара-Балтада калбай калыптыр но 1990 сомдук кайрада келеби
0
Okgmobile
2017-11-24 12:55:54
Eli.91,
Саламатсызбы. Жаны акциялар жөнүндө Сизди массалык маалымат каражаттары аркылуу сөзсүз маалымдайбыз. Азырынча белгисиз.

Урматтоо менен,
О! мобилдик оператору.
0
mekajan92
2017-12-06 14:19:47
начар экен катып калат мага жакпады 32гбайт деди эле 8гбайт эле батат экен эптеп отпоштун айынан акция кылыптыр мен бир эмес эки телефон алдыргам жалко мага
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан