Польшанын Быдгощ шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы (U-23) Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Мадина Надирова килем үстүнө чыгып, алдынкы орундарды ээлегенге аракет жасайт.
Бүгүн, 24-ноябрда Дүйнө чемпиондугунда кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 48, 53, 60 жана 69 килограммга чейинки салмак чениндеги беттештер орун алат. Анда 53 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыздын атынан Мадина Надирова катышат.
Маалымдай кетсек, Мадина Надирова 2016-жылы өткөн студенттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси.
Кыргыз балбандын атаандашы Алиса Кливес (Канада).