Манасчы Дөөлөт Сыдыков Казакстанда өткөн "Улуу Талаа эли" аттуу эл аралык фестивалга катышты

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Казакстанда өткөн "Улуу Талаа эли" аттуу фестивалга катышты. Бул тууралуу манасчы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Улуу Талаа эли" эл аралык фестивалы түрк тилдүү элдердин эпос айткан чеберлери, фольклор ырчыларынын, дастанчыларынын башын бириктирет. Бул фестивалга жакынкы жана алыскы аймактарда жашаган түрк тилдүү өлкөлөр катышат.

Фестивалдын эң негизиги максаты көчмөн элдерине таандык болгон оозеки чыгармаларды сактап калуу жана келечектеги муундарга өткөрүп берүү болуп саналат. Манасчылык өнөрүн түрк элдерине таанытып, Кыргыз элинин улуулугун даңазалаган манасчы Дөөлөт Сыдыков фестивалдын атайын диплому менен сыйланган.

2016-жылы бул фестивалга Кыргыз өлкөсүнүн атынан жаш манасчы Азиз Биймырза уулу катышып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kechirmeni
2017-11-25 15:54:09
казакка баргым жок
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан