ЭЛДИК ВИДЕО: Жолбун ит кызды тоноочудан куткарды

Медиа-порталдын Элдик видео бөлүмүнө “Жолбун ит кызды тоноочудан куткарды” деген видео жүктөлдү (ник: Aki-meki)

Видео интернет айдыңына кечээ, 26-ноябрда жүктөлгөн. Видеокөзөмөлдөөчү камерага тартылып калган кыска тасманын таржымалына токтолсок, окуя Черногориянын борбору Подгорица шаарында орун алган. Көчөдө кетип бараткан айымга артынан тоноо үчүн акмалап келаткан жигит жетип барып, колунан баштыгын жулуп качарда жолдо отурган жолбун ит арачага түшкөн. Жыйынтыгында каракчы олжосуз калып, өзү иттен качып кутулууга мажбур болгон. Видеону көргүңүз келсе бул жакты басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nurmat92
2017-11-27 22:21:45
Чет мамлекеттердин жолбун иттери элге жардам берсе биздин мамлекеттин жолбун иттери каракчыга жардам берет. Чындыгында биздин мамлекеттин жолбун иттерин тазалаш керек. Өзүнчө эле банда болуп топтошуп алып кичинекей балдарды аял кишилерге көп кол салат аны байкап эле жүрөбүз. Бир чара колдонуш керек
+3
gitaris93
2017-11-27 23:00:10
Чет мамлекетте иттер жон карап тура албайт экен
А бизде ушундай болсо карап отуп кетет же видеого тартканга шашат.
+1
raikakyz
2017-11-28 00:00:41
Чет элдик ит, Клараны кордогон милиция кызматкеринен акылдуу экен.Кызды жамандан коргоп калды,биздикилер кордоп салган да,мазактап.Ит азамат экен...
+3
Suzak12
2017-11-28 01:43:12
raikakyz,Ото туура айтыпсын +5
0
barsa30
2017-11-28 01:46:36
Бул ит октой тез экен анча мынча күзөтчүлөрдөн, эч бир токтоосуз жетип барганына караганда үйрөтүлсө керек.
0
kechirmeni
2017-11-28 09:25:03
Азамат ит экен,ит эмес эле эркек экен, анча мынча менттерге, "патриот" соройлорго караганда тузугуроок экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан