Молдованын президенти Игорь Додондун ыйгарым укуктары убактылуу токтотулду

Молдованын президенти Игорь Додондун ыйгарым укуктары убактылуу токтотулду. Мындай чечимди өлкөнүн Конституциялык соту бүгүн, 2-январда кабыл алганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Додон премьер-министр тарабынан өкмөт мүчөлүгүнө сунушталган 7 адамдын талапкерлигин кайрадан артка кайтаргандыктан коалициялык көпчүлүктөгү депутаттар президенттин укуктарын убактылуу токтотуп туруу боюнча сотко кайрылышкан.

Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, өлкө башчы сунушталган талапкерлерди бир гана ирет артка кайтарууга укуктуу. Конституциялык соттун чечимине ылайык, эми өкмөт мүчөлөрүн парламент төрагасы же өкмөт башчы беките алат жана антын кабыл алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан