Чехияда президенттик шайлоонун 2-туру өтө турган болду

Чехияда президенттик шайлоонун 1-турунда учурдагы президент Милош Земан шайлоочулардын 38 пайызына ээ болду, анын негизги атаандашы Иржи Драгош 26 пайыз топтоду. Ошентип кийинки өлкө башчы ким болору 2-турдун жыйынтыгы боюнча аныктала турган болду. Бул тууралуу европалык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, президенттик шайлоонун 2-туру 26-27-январда өтмөкчү. Чехияда президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Айта кетсек, 1-турда президенттикке 9 талапкер ат салган. Алар: Милош Земан, Иржи Драгош, Павел Фишер, Петр Ганниг, Марек Гилшер, Михал Горачек, Иржи Гинек, Вратислав Кулганек жана Мирек Тополанек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Anichka12
2018-01-14 11:39:58
Мына акыйкат шайлоо,биздики биринчи шайлоо куну эле 62 % менен утуп чыкмак
+9
General.kg
2018-01-14 11:59:39
Кап бизге окшоп административдик ресурсту колдонбоптур да))

Ийгилик Милош Земан акама))
+9
Bekboloooot
2018-01-14 12:31:54
Утса керек Милаш Зиман
+4
manas93kg
2018-01-14 12:32:03
Бизде шайлоо куну шайлоо буто элек Обедден кийин соке утуп алдыго
+10
barsbegKG
2018-01-14 13:16:39
Жеке пикиримде, жалпы шайлоочулардын 50%ынан көбү шайлоого катышкан жок. Шайлоо күнү түштөн кийин. Сокеге деп алар ар кайсы жаңы конуштарга маршруткаларды жибергенин көрдүм, уктум. Баса белгилеп айтчу нерсе алардын катталган жерилери ар кайсы региондо экенине карабай... Биздеги шайлоо болуп көрбөгөндөй ыпластык менен өттү.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан