Жоругу жолдо калсын. Америкалык аял мышык "төрөдү"

АКШлык фотограф мышык "төрөп" жаткан учурду чагылдырган фотосессия жасады. Бул тууралуу чет элдик маалымат басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Люси Шульц жаныбарларды кармоочу жайдан мышык алып, фотосессия уюштурууну чечкен. "Бул күн мен үчүн майрам. Себеби мышык менен фотосессия жасоону ойлоп жүргөнүмө бир жылдай убакыт болгон", - деп жазат тилеги ишке ашып, чыгармачыл ойду түшүндүргүсү келген фотограф.

Ошондой эле Люси тартылган сүрөттөрдү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөп, "бул биздин биринчи "балабыз", учурда ага ат коё элекпиз", - деп билдирүү калтырган.

Сүрөттө күйөөсү менен аялы жаӊы төрөлгөн "наристесин" жалаякка ороп, аны бооруна кысып отурган образ көрсөтүлгөн. Бул учурда мышык өзүн жакшы алып жүргөн жана бир нече жолу уктаганга да жетишкен.

Учурда АКШлык фотографтын мышык "төрөгөн" образдагы сүрөтү социалдык тармактарда талкууга алынып, аны 76 миӊ адам бөлүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Azamatisatoroev
2018-01-19 00:28:00
Тообо е тушко кирбеген нерсе го
+4
tular
2018-01-19 01:16:32
Эмнеге тан каласынар?! Бул деген Америка деп коет! Адамдардын тушунугу, психологиясы, идеологиясы башка... Мага демек чочконун торопоюн туусун!!! Биздин Кыргыз элибизди ушундай жамандыктан Кудай сактасын!
+10
barsbegKG
2018-01-19 02:46:07
Алар оюна эмне келсе жасай берет каапырлар. А биз болсо мындайларды жарыя кылбашыбыз керек. Биздин психологияны бузат. АҚМАҚТАР.
+8
Totyua.71.
2018-01-19 07:46:45
Мээсинен айныгандар кобойду,бироосу арбакка тийсе ,бироосу мышыкты бала кылып торогусу келип...
+2
BakytAliev
2018-01-19 10:00:41
Totyua.71.,калькулятордон ажырашып тетриске турмушка чыгып))
+5
aiba.8327
2018-01-19 08:10:58
ха ха ха
+2
Ashka.
2018-01-19 08:50:10
Эртең эшек торосо да таң калбайбыз. XXXX
+4
Albinaaliya
2018-01-19 10:05:09
Жоругуңар жолдо калсын ботом..өз башыңар менен кетсин
+1
admin_superstan
2018-01-19 10:06:33
Tyty1990, этика нормаларын сактаңыз.
0
admin_superstan
2018-01-19 10:07:38
Adiletia, Fidel, адамдын намысына шек келтирген, аны кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
Rasul94
2018-01-19 15:26:29
ичтен чыккан ийри жылан.....
+1
MoltirJan
2018-01-19 15:43:14
Мышык тороду деп жазып койсо, кире калып чын эле торогонбу дейин десем фотосессия дейт го.
+1
MoltirJan
2018-01-19 15:44:23
Арбака турмушка чыкканычы?Эртен отун донгочко тийип атса да тан калбай калабыз да .
+1
Football.kg
2018-01-20 10:46:23
Буларда ынсап болгону менен ыйман жок. Дерьмократиянын жышааныда бул, "озумду озум билем, отугумду торго илем" болуп атышатта.
0
guzi8989
2018-01-20 11:20:35
ТООБА.
0
Aigerim4545
2018-01-22 21:38:50
я в шоке деп коёт беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан