АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык тармактагы билдирүүлөрүн кайсы учурда жаза турганын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. Мындан улам ал британиялык журналист Пирс Моргандын суроолоруна жооп берип жатып, аталган тармактагы баракчасына жарыяланган билдирүүлөрүн кайсы убакытта жаза турганын ачык айтып берген. Анын сөздөрүн британиялык Evening Standard гезити жарыялаган.

Маалым болгондой, президент социалдык түйүнгө жарыялаган билдирүүлөрүнүн басымдуу бөлүгүн өзү жазат.

"Мен көбүнчө уктоо алдында, таңкы тамак учурунда же түшкү тамактанууга чыкканда өзүм билдирүү жазып, жарыялайм. Бирок күн ичинде бош убактым абдан аз болгондуктан ишенген адамдарымдын бирине дароо айта калам, ал менин айткандарымды жазып, коомчулукка жарыялап коёт", - деген ал.

Белгилей кетсек, Трамп Ак Үйдүн расмий баракчасынан билдирүү жазууга укуктуу болгонуна карабастан, өзүнүн жеке баракчасы менен колдонуп келет. Ал коомдогу кырдаалдар боюнча өз ой-пикири менен бөлүшүп, кээде расмий билдирүүлөрдү жасап турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
semizkyz
2018-01-29 02:12:02
Ушуда кеппи
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан