Чачы муз болуп тоңуп калган кытайлык окуучу өзү окуган мектепке жардам берүүдө

Буга чейин чачына муз тоңгон сүрөтү интернетке жайылып, кызуу талкууга алынган кытайлык окуучу эми өзү окуган мектепке жардам берүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган сүрөт коомчулуктун назарына тараган соң аны бир канча дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышкан. Ошондой эле Кытайдын Ички ишкер министрлиги да бул балага көңүл бөлүп, аны Пекинге чакырып, окуучу менен жакындан таанышкан.

Белгилүү болгондой, 3-класстын окуучусу Ван Фуман Кытайдын түндүгүндө жайгашкан Синьцзе кыштагында жашайт. Учурда чоң энеси жана эжеси менен бирге жакырчылыкта жашоо кечиргендиктен, бул абалдан бир гана билим алуу менен чыкса боло турганына ишенет.

Окуучуну Пекинде абдан сыйлуу мейман катары тосуп алышкан. Андан соң шаар айлантып, Пекиндеги үйлөрдү көрсөтүп, Кытайдын айрым эл өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулган. Андан сырткары жылуу кийимдерди, мектепке керектүү окуу куралдарын сатып беришкен. Баарынан да Фуманды үйлөрдүн ичиндеги жылуулук, адамдардын жеңил кийим менен жүргөнү таң калтырган.

"Биздин үй аябай суук, Пекин абдан жылуу экен. Биз үйдө жылынуу үчүн от жагып, күрмө кийип уктайбыз. Жардам берип, колдоо көрсөткөнүңүздөргө рахмат. Мен чоңойгондо бул жардамды актаганга аракет кылам", - деген ал.

Ван Фуман окуган мектеп

Ошондой эле баланын окуясы менен таанышкан Кытайдагы кайдыгер эмес адамдар тез арада анын үй-бүлөсүнө, аталган аймакта жакыр жашагандарга жана ал окуган мектепти оңдоп-түзөө иштерине жардам көрсөтүү иретинде акча чогултушкан. Анын суммасы 450 миң долларга жеткен.

Эскерте кетсек, кытайлык окуучунун үйү мектептен 5 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан, сабакка кечигип калбаш үчүн шашып жатып сууктун күнүндө баш кийим кийүүнү унутуп, жолго чыккан. Мектепке жеткенге чейин анын чачы менен каш-кирпиктерине муз тоңуп, ал сүрөтү интернетке кенен жайылып, кызуу талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Paprikafm
2018-02-01 16:40:05
Азаматсын,
+12
bars_wire
2018-02-01 16:48:08
Эээн сонун.абдан кубанычтамын.
+17
kechirmeni
2018-02-01 16:59:25
Болоор бала богунан дейт азамат!!!
+27
33SUUN
2018-02-01 17:20:13
Чонойгондо жардамынарды актаймын дейтко!Акылдуу бала экен.
+32
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-01 17:53:14
Биздикилер 450мин доллардыжеп коймок балага бербей
+25
Benazir08
2018-02-01 18:22:20
Жакшы ким тартса да жакшы суротко тартып койгон экен себепчи болуп калыптыр да
+25
sher.
2018-02-02 04:48:35
Benazir08,кээ бироолор суротко тарткан адамды куноолошкон ошол убакта . Эмне учун тартты , мазактаганыбы деп. Бир уй булонун жашоосунун ондолушуна себепчи болду да тарткан адам
+1
Baha.bs95
2018-02-02 00:16:30
Менин кичинекей кезиме аябай окшош экен тан калычтуу өңү.
+7
dobrajelatel
2018-02-02 02:45:16
Коруп аябай боорум ооруду эле. Эми жашоо шартын коруп андан бетер. Шарты да начар экен уйундо. Байкуш бала ошол куну да тонуп барса керек сабакка. Уйу да суук, эшик да суук а тугул мектеп да суук.
+4
kenje-888
2018-02-02 09:51:12
Окуп алып ушундай жардам бергендерин окуп аябай толкунданып козумдон жаш айланды бир четти кулкум келди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан