ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарында жергиликтүү тургун "үйүмдөн жарака кетип жатат" деп машина өтчү жолго шагыл төгүп, тосуп алды"

Ош шаарында жергиликтүү тургун "үйүмдөн жарака кетип жатат" деп машина өтчү жолго шагыл төгүп, тосуп алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.

"Жолдун ары жагы Кара-Суу районунун Кыргызстан айылына караштуу. Ал эми жол Ош шаарынын аймагына карайт. Жолдун жээгине үйүн мыйзамсыз куруп алган Алым деген киши "үйүмдөн жарака кетип жатат" деп машина өтчү жолго шагыл төгүп, тосуп алды. Үйүбүзгө таштанды төгүлгөн жерди аралап өтүп жатабыз. Жергиликтүү бийликке кайрылганыбыз менен, жыйынтык чыкпай жатат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Jyrgal8
2018-02-02 17:52:36
Хе хе хе ана сага жанылык
+8
Дарыгер
2018-02-02 18:29:42
Сотко кайрылгыла
+2
aman0296
2018-02-02 18:41:42
Мыйзамсыз уй куруп, мыйзамсыз жолду тосуп алган кандай киши. Арыз жазып, штраф толотуш керек
+7
Benazir08
2018-02-02 18:44:24
Может шагылды ошо жерге жайып жерди топурак кылбай тошоп турайын дегендир жарака кетет турган эле ылайдан эле уй экен го кирпичтен куруп алсын анда
0
Karban86
2018-02-02 18:53:22
Таза апендиго бул киши
+9
kechirmeni
2018-02-02 19:17:44
Өзбектердин уйлору бут эле жолго жакын го. Муну коруп бардык өзбек туугандар тосуп алышпаса эле болду
+5
Beknur10
2018-02-02 19:22:34
Бул биздин айылда жашап калбаган экен да,
0
Rasul94
2018-02-02 20:41:19
шариятта жол тоскон жаман болот
+6
isabek1977
2018-02-02 22:13:39
Уйун мыйзамсыз салганы чын болсо уйун кошо бузуп жолду кенейтип салыш керек.
+3
marrss
2018-02-03 00:52:31
10 киши чогулуп шагылды жолдун чуңкурларына толтуруп койгула 2 проблема бир чечилет
+3
datkayimjan
2018-02-03 10:44:43
Бир айылда бир тажаал киши жолугат да. Андай адамдарга жакшы айтсан да,жаман айтсан да тушунушпойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан