Nokia компаниясы рак илдетинин пайда болушун аныктай ала турган билерик чыгарганы жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Nokia корпорациясынын башчысы Ражив Сури фирма инновациялык технологияларды иштеп чыгарын билдирди. Келечекте жарык көрчү технология рак оорусу менен каршы күрөшүүгө жардам берет. Ал илдеттин пайда болуусун баштапкы стадияларында эле аныктап бере алат.
Белгилүү болгондой, бул технология кичинекей билерик түрүндө болот, ал биобелгилөө принциби менен иштейт. Ал адамдын организминде рак клеткалары өөрчүй баштаган мезгилде атайын белги бере баштайт. Мындан улам ооруну эрте аныктап, аны айыктырууга алда канча жеңил болот.