Таиландда лотереядан 1 миллион доллар утуп, бирок билетин жоготуп алган жаран өз жанын кыйды

Таиландда лотереядан 1 миллион доллар утуп, бирок лотереялык билетин жоготуп алган жаран өз жанын кыйган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, Жиравут Понгпхандын жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Полиция кызматкерлеринин айтымында, маркумдун жанында кат болгон. Катта Жиравут жакындарынан өз өмүрүн кыйгандыгы үчүн кечирим сураган.

Бул окуя болордон мурда ал өзүнүн туугандарын жана досторун утушун майрамдоо үчүн чакырган. Эртеси ал акчаны алуу үчүн керек болгон лотереялык билетин жоготуп алгандыгын билген. Мындан улам депрессияга түшүп, жумушка барбай калган.

Лотереялык билет кайда жоголгонун жана бул боюнча кылмыш иши козголобу азыр белгисиз экендиги жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aibars
2018-02-09 14:57:07
Оз жанынан дагы бир миллион кымбат беле, ал акча келет кетет. Башка жолдорун издештирсе болмок таза болбой калса сабыр кылып.
Биз иштеген компаниянын 1миллион $ женуусу Казакстандык пассажир болчу, лотереялык утушка ээ болуп, бирок байланыш телефондору очук дайыны жок болуп кеткен жооп дагы келбей.
Дубай Дьюти Фрии, ( Dubai Duty Free ) Finest Surprise.
+3
ulanik
2018-02-09 16:04:38
aibars,Айтканыныз туура бирок журокто ыйман болбосо мындай ишти сабыр кылып чыдаш ото эле кыйын болсо керек.биздин башка келбегенге билбейбиз да
+3
Talgat89
2018-02-09 16:08:51
aibars, Ал женуучуну компания жон эле телефону очук экен деп шылтоолоп (ушундай болуп калганына бирок ичтен аябай суйунуп) бербей койгон го дейм. Любой пассажирдин Аты-жону жазылат аны казакстандын паспорт столуна деле айтса тактап бермек да.Бул жон гана компания учун шылтоо гана болгон, б.а., компания бир миллион долларды коротпой туруп озун реклама кылып алган.
+4
aibars
2018-02-09 16:11:38
Talgat89, Биздин компания электрондук дарегине кат жонотот,
белгилуу убакта келбесе жараксыз болуп табылат.
0
Talgat89
2018-02-09 16:20:51
aibars, Ошону айтып жатпаймынбы. Эгер чындап бергиси келсе Аты-жону, олкосу жазылган адамды таап алуу анчалык кыйынчылыкты деле жаратпайт азыркы информациялык система онуккон заманда.
+5
Matahara1980
2018-02-09 16:15:12
Биринчи утушун алып туруп анан майрамдаса болмок экен бечара, аны достору эле коноко келген уурдап кеткен болуш керек, коралбастык деген болот да даже досторун арасында. Жарыялабай деле койгон он бир чети, жаман коэдон алыс
+6
JaneEr
2018-02-09 16:18:29
Ала алек эле акчаны мактанып атып билетин уурдатып жибергенго байкуш тааныштарына.
+3
taku1414
2018-02-09 19:20:48
Утканына суйунуп коп нерселерди мечтайтетип алса керек. Бир келген шансымды жоготуп мечтама жетпей калганча олгонум артык деген го.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан