Ирландияда трактор айдаган ит көпчүлүктү таң калтырууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, мындай өзгөчө өнөргө ээ болгон ит Түндүк Ирландиянын Девон аймагында жашайт. Ретривер породасындагы Рембо аттуу ит трактор айдаганды кожоюнунан үйрөнгөн. Ал өзүнүн ээсине жер айдап, түшүм жыйноодо жардам көрсөтөт.
Иттин кожоюну 66 жаштагы Альберт Рид: "Көпчүлүк Рембонун трактор айдай турганына ишенбейт. Ошол себептен көптөр аны сүрөткө, видеого тартып алганга аракет кылышат. Ал эми айрымдар анын трактор айдап бара жатканын көрүп, сүйлөй албай да калышат", - деп билдирет.