Инстаграм жаңы функция кошот: Эми досуңуздун сүрөтүн скриншот кылсаңыз ал билип калат

- Инстаграмдагы сүрөтүмдү скриншот кылып алдыңызбы?

- Кайдан билдиңиз?

Жакында Инстаграм тиркемесине жаңы функция кошулат. Эгерде кимдир бирөө сиздин Инстаграм баракчаңыздан сүрөттөрүңүздү көчүрүп же скриншот кылып алса, бул тууралуу сизге маалымдама келет.

Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Инстаграмда сиздин сүрөтүңүзгө "уурулук" кылган колдонуучуну билип алуу мүмкүнкүнчүлүгү түзүлөт. Тизмедеги досторуңуздун кимиси скриншот кылган болсо, ал катталуучунун аты-жөнүнүн жанында атайын белги чыгып калат.

Азырынча бул кызмат сынактан өтүп жатат. Ошондуктан Инстаграмдагы айрым гана колдонуучулар аталган функциянын кызматын пайдаланып, бул кызматтын канчалык деңгээлде пайдасы бар экенине байкоо салышууда. Инстаграм баракчасынын жаңы кызматы жактырылса ишке кирет, бирок азырынча анын убактысы белгисиз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Ak_Bulut
2018-02-13 20:59:11
Охо ушул функция жакты
0
dinar-87
2018-02-13 21:07:49
Инстада бироонун суротун кантип кочуруп алса болот айтып койгулачы
0
Kanzada97
2018-02-13 21:13:44
dinar-87,Ал учун Атайын программы бар плей маркеттен кочуруп алышыныз керек.
0
umar.kgz
2018-02-13 23:16:42
dinar-87,instasave плеймаркеттен жуктоп алыш керек
0
Sagyn.91
2018-02-13 21:16:03
Ушул инстаграмга ээч эле кызыкпадым.
Мындайча айтканда мактанкана экен, бул да болсо жылдызмын дегендер учун.
+3
2018
2018-02-13 21:53:10
Мисалы мен компьтерден киремде без аккаунтчу анан эле дердин суротун кочуруп же скриншот кылганымды кантип билет? Билбейт!
+1
Basko94
2018-02-13 23:35:45
Бул функция мурда эле бар болчуго
-5
ulanbek2000
2018-02-13 23:35:51
Тезирээк ишке кирип калса экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан