Япониялык окумуштуу өзүнө окшош мугалим робот жасады

Япониялык окумуштуу Хироси Исигуро өзүнө окшош мугалим робот жасады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Исигуро өзүн сабакта алмаштыра турган Геминоид аттуу робот жасап чыккан. Роботтун сырткы келбети окумуштуудан айырмаланбайт. Ал өзүнүн сезимдерин, эмоцияларын көрсөтүп, жасалма акыл-эстин жардамы менен сүйлөй алат.

"Роботту жасап жаткандагы эң негизги максатым мени кайсы бир учурларда алмаштыра ала турган өзүмдүн көчүрмөмдү жасоо болчу. Келечекте мындан да жакшы ойлоп табууларды жараткым келет", - деген окумуштуу.

Учурда робот ичине камтылган видеокамералардын жана динамикалардын жардамы менен сабак өтө алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sirgak_92
2018-02-19 10:39:06
Бул япондордун мээси ашып ташып атат
+9
rruslan88
2018-02-19 10:40:20
Канчалык аракет кылба,Аллахтын кудуретине жетпейт.
+6
nuri1
2018-02-19 12:14:19
rruslan88,
Кудайчыл болуп журо бербей, билимдин илимдин артынан кууш керек. Алладан болот деп, алма быш, оозума туш деп кудайдын оозун карап отура бербоо керек. Азыр илим, техника дуйнону, адамдарды озгортуп жатат. Япон, немистерге соз жок экен. Ь
-2
aiba.8327
2018-02-19 10:45:18
Тобоо кинодогулардын баардыгы чындыкка айланып баратат го....
+6
Mers124
2018-02-19 11:31:40
Аллахка жетпейт. Бирок, адамдардан кыйын болуп атпайбы. Кыргыздар сындагандан башка эч нерсе чыгара албайбы
+5
Okna
2018-02-19 11:34:47
Молодец,а биз болсо тирик барнерсени жок кылып олтуруп алып атабызго
+6
adjo_krsu
2018-02-19 11:41:47
Эмне үчүн "молодец" деп айткыбыз келбейт, биз кыргыздар??? Чынында япондор аракетчил эл келишет.
+2
Jelezo
2018-02-19 11:44:57
Япондордо жанбаштап жатсам сонунда деген ыр жок да
+4
bekub1473kg
2018-02-19 11:51:56
Япондордун бут байлыгын чогултсада биздин наарын дариясында суунун татуулугуна жетпейт
0
SaLtY
2018-02-19 14:54:35
"Мир на изнанку "деген передача бар го ,корсонор оооло кызыктуу.Япония жонундо роботтор анан да ушул окумуштуу тууралуу чыгарылышы да бар.Коргуло не пожалеете))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан