Сауд Арабия аялдарга күйөөсүнүн уруксатысыз ишкердик кылууга уруксат берди

Сауд Арабияда аялдар мындан ары күйөөлөрүнүн уруксаты жок деле өз алдынча ишкердик кыла алышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мындан ары аялдар эч кимдин уруксаты жок өз алдынча иш жүргүзүп жана электрондук кызматтардан колдоно алышат.

Мурунку тартип боюнча, аял киши атасынан, агасынан же күйөөсүнөн уруксат алган маалымкаты жок эч кандай мамлекеттик кызматтан колдоно алган эмес.

2017-жылы Сауд Арабия аялдарга унаа айдоо күбөлүгүн алуу укугун да берген. Ал мыйзам ушул жылдын июнь айында күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2018-02-20 08:26:17
мына сага, эми биздин.... не дешээр экен.
0
OAlmaz
2018-02-20 15:41:29
Дeмоkpатия араптарды дагы жолдон чыгарат го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан