Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда Мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери намаз окууга тыюу салууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, коопсуздук кызматкерлеринин өкүлдөрү намаз окуган мамлекеттик кызматкерлерди, пенсия курагына жете элек жарандарды жана жаш балдарды суракка алууда. "Намазды эмнеге окуп жатасың?", "Ким менен баарлашасың?" жана "Ата-энең каякта?" деген суроолорду берип жатышат. Эч жерде иштебеген адамдарга сурак көбүрөөк жүргүзүлөт. Аларга "Түркияда иштеп келгенсиңби?", "Ал жакта туугандарың барбы?" деген суроолор да берилүүдө. "Азаттыктын" Түркмөнстандагы кызматына жарандар бул тууралуу билдиргени менен, коопсуздук кызматынын бул кадамынын максатын түшүндүрүп бере алышкан эмес. Ал эми коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнөн бул тууралуу маалымат алуу мүмкүн болбогондугу жазылат маалыматта.
Ошондой эле, мамлекеттик кызматкерлер намаз окуса кызматтарынан кол жууй турганын да эскертишкен. Мындан тышкары бир катар район жетекчилерине намаз окуган, динчил адамдардын тизмесин түзүү тапшырмасы берилгени маалым болгон.