Лондондо 88 жаштагы ардагер аялды куткаруу үчүн кылмышкерлер менен кармашты
Англиянын борбору Лондондо көчөдөн аялга кол салган эки тоноочу менен 88 жаштагы ардагер кармаша кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, көчөдөн аялдын баштыгын тартып алуу аракетин көргөндөрдү байкаган 88 жаштагы Жон Никсон жардамга келген. Кылмышкерлерден аялдын баштыгын кайтарып берүүсүн талап кылганда алар укпай койгон соң, Никсон бирөөсүн коюп жиберген, экинчиси бычак алып чыгып, бир нече жолу Никсонду карай шилтеп жиберген. Натыйжада Никсон бычактан жаракат алган, кылмышкерлер окуя болгон жерден качып кетишкен. Аялдын да качып кеткени белгилүү болгон.
Никсон ооруканага жеткирилип, оор жаракат албагандыгы аныкталган.
Жон Никсон 1940-жылдары аскерде атайын даярдыктан өткөн жана Кореяда болгон согушка, Египетте, Германияда өткөн атайын операцияларга катышканы белгилүү болгон.