Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү, салыктарды жана айыптык төлөмдөрдү "Бакай Банкынын" кеңселеринде төлөсө болот

"Бакай Банкы" кардарларга ыңгайлуу болушу үчүн жана убактысын үнөмдөө максатында эсеп ачуусуз эле мамлекеттик бюджетке, Социалдык фондго төлөмдөрдү төлөө операцияларын сунуштайт. Демек, мындан ары банктын кайсы кеңсесинен болбосун мамлекеттик бюджеттин пайдасына төлөмдөрдү күн сайын саат 9:00дөн 17:00гө чейин ишке ашыруу шарты түзүлгөн.

Реквизиттер туура көрсөтүлгөн шартта:

• Алда канча жөнөкөй формада банктык төлөмдөрдү (билим алуу үчүн, бала бакчаларына төлөмдөр ж.б.);

• Мамлекеттик бюджетке төлөмдөрдү - салыктарды, жыйымдарды, айыптык төлөмдөрдү, алымдарды;

• Банктан алган кредиттери;

• Төлөм тапшырмасынын стандарттык формасында бардык реквизиттер боюнча акча которуп, мамлекеттик төлөмдөрдү, салыктарды төлөөнү;

• Чет өлкө валютасын алып-сатууну жүзөгө ашырууга болот.

"Бакай Банкынын" филиалдарынын жана аманат кассаларынын иш графиги менен шилтемесинен таанышууга болот "Бакай Банк" ААКсы 19 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандын жарандарына финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрмөгүн сунуштап, ийгиликкке жетишип келет. Учурда банктын 70 аманат кассасы жана филиалдары өлкөнүн бардык региондорунда тез жана ыңгайлуу шарттарда сапаттуу тейлөөнү камсыз кылып жатат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан