Нурлан Өмүркул уулу: "ЖЭБде бир туугандарым, жакындарым иштегени чын"

Интернетте Бишкек Жылуулук электр борборундагы жана "Электр станциялары" ААКсындагы майлуу кызматтарды ишкананын жетекчилеринин туугандары ээлеп алгандыгы тууралуу маалыматтар талкууланууда.

Айтылып жаткан маалымат боюнча SUPER.KG порталына ЖЭБдин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу жооп берди.

"Бир туугандарым ЖЭБде иштей тургандыгы, башка дагы туугандарым ал жакта иштегендиги чын. Мен ал жакка жумушка киргенге чейин эле туугандарым иштеп келишкен. Калыс Жаманкулов, Данияр Жаманкулов жана Асел Жаманкулова бир туугандарым. Ал эми Нурбек Жаманкулов, Мирбек Жаманкулов, Адилет Жаманкулов менен эки бир туугандын балдарыбыз. Мен жетекчиликке келгенде туугандарымдын биринин деле кызматы жогорулаган жок. Мурдагы эле ордуларында иштеп жатышат. Учурда деле ал жакта иштешет", - дейт Өмүркул уулу.

Калыс Жаманкулов, бир тууганы, нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;

Данияр Жаманкулов, бир тууганы, суу жылытуучу цехтин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;

Асел Жаманкулова, бир тууган карындашы, химиялык цехте аппаратчы;

Нурбек Жаманкулов, эки бир туугандын балдары, суу жылытуучу цехтин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;

Мирбек Жаманкулов, эки бир туугандын балдары, суу жылытуучу цехтин нөөмөт бөлүмүнүн башчысы;

Адилет Жаманкулов, эки бир туугандын балдары, айдоочу.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Дарыгер
2018-03-20 18:15:33
Ушундай ооз учунда айтылган маалыматтарды текшерген органдар барбы. Кызматы жогорулабаса да айлыгы жогорулагандыр жардамчысы пайда болгондур
+4
Nevestkaa
2018-03-20 18:34:54
Ой тообооо ушулар да чын сүйлөйт экен да башына чоооң эле союл сындврып коюш керек экен.
0
JaneEr
2018-03-20 18:52:55
Тааныш билиш((((
+3
Farhat25
2018-03-20 18:56:18
Кайран кыргыз эли озундун зоокур балдарына , кор болуп журуп отосунго деп убагында Докем айтты эле. Качан биз онуккон олко болобуз качан Кыргыз элинде акыйкат ажобуз акыйкат чондорубуз болот.Зээнип кейип ичим ортонуп барат. Коросунор ЖЭБте иштеп жегендер деле жазасын албайт. Ал жакта аажыдарларыда чоолоруда чогу журсо
+4
boston___
2018-03-20 21:31:06
Баары жогорудакенго дагын жогорулаган жок дегени эмнеси иа
0
Mikra
2018-03-21 00:18:03
Ооохоооо элеп эле алышканго бул менчиктеп.айдаш керек баарын уборщитцасынан бери туугандары.С Жээнбеков эркек болсонуз айданыз мындай ичип жеерлерди.чык эшике деп.мыйзамдуу турдо иштешкен эмес ошон учун милиондогон акчанын эсебин таппай жатасыздар.корсо иштин баары мында тура.пай пай пай.камаш керек кустуруш керек.болбойт мындай.просто жанын кейитда.5 колун озуна салыптыр.Бакиевденда отуп кеткенго бул Жаманкуловтор.фамилясы айтып тургандай эле.эл журт сиздер эмне дейсиздер.
+1
asan.toluktuk
2018-03-21 08:24:52
Чындыктын баарын жанын тообокелге салып ачыгын айтып жаткан кишиге асылбагыла. Кычкач 600 доллар экенин билбей калмаксынар
+1
KGstan1981
2018-03-21 15:42:02
Жаманкуловтордун кланыгоо.Баары эле болумдордун башчыларыгоо дагын кандай жогорулаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан