22-мартта Түштүк Кореянын Инчон шаарында өткөн футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Мьянма курамасын жеңип алды. Бул жеңиш менен Кыргыз футболчулар 2019-жылы БАЭде өтө турган Азия Кубогунун финалдык этабына жолдомо камсыздай алды. Кыргыз курама командасынын оюнчусу, жогоруда аталган беттеште 2 гол киргизген Антон Землянухин SUPER.KG порталына жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүштү.
"Абдан сонун, сөз менен жеткире алгыс сезимдер курчап турат. Биз Азия Кубогуна жолдомо алдык. Колдоо көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем. Кыргыз элиме рахмат. Бул жеңиш сен үчүн, Кыргызым!" - деди Землянухин.
Белгилей кетсек, Кыргыз курама командасы Мьянманы 5:1 эсебинде жеңип алды. Антон Землянухин атаандашынын дарбазасына 2 гол киргизип, беттештин мыкты оюнчусу аталды. Ошондой эле бул беттеште Ислам Шамшиев, Виталий Люкс жана Бекжан Сагынбаев бирден гол киргизишти.
Муну менен Кыргыз курама командасы 5 оюндун жыйынтыгында "А" тайпасында 10 упай менен 2-орунда жайгашса, Мьянма 5 упай менен 3-орунда жайгашты. Ал эми 1-орунда 13 упайга ээ болгон Индия курамасы жайгашса, 4-орунда упайсыз Макао жайгашкан.