Алмустактан бери келе жаткан улуттун уюткусун кармаган салттарыбыздын сакталышы жана жайылышы азыркы коомго өтө керек. Дүйнөлөшүү шарданынын шар суусуна агып кетпей, кылымдап келген салт нускаларды сактап, аны заманга бап келтирип колдоно билүүгө үндөө керек. Салт-санааларыбыздын биз билип биле элек сырлары, тактап айтканда, эзелтен кыргыздар тушоо кесүү тоюн эмне себептен өткөрүп келгендиги тууралуу айтып беребиз.
Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз-каз туруп, там-туң баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Жаш келиндерге балдарын багууга, тарбиялоого байбичелер, бала багууга өтө жөндөмдүү аялдар жакындан жардам кылган. Бала там-туң баса баштагандан тарта ага атайын чыгырык жасап, жетелеп бастырышкан. Чоң ата, чоң эне, ата-энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн.
Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тушоо тойго келген кадырлуу аксакал колдонула элек жаңы бычагын, ал эми байбиче жүндөн ала жип эшип той ээсине тапшырган.
Алгач тушоосу кесилип жаткан наристенин бутуна ак менен кара жүндөн эшилген жип чалып байланат. Бул жип сөзсүз эле койдун жүнүнөн жасалган эмес. Эгер бул кааданы жасоо убактысы кой кыркым мезгилине туш келбей калса, ала жипти куйрук жүн, шакмар, такым сыяктуу жүндөрдөн жасашкан.
Наристенин бутуна тушоо катары байланган ак менен кара түстөгү жиптин да өз мааниси бар. Кыргызда турмуш деген бир кылка болбойт, кандай болгон күндө дагы барга да, жокко да бирдей карап, ак-караны бирге алып жүр дегенди түшүндүрөт. Тушоо кесүүдө анын мындан аркы жолу шыдыр болсун, ар дайым барган жеринде жакшылык жылоолосун, артка тарта турган эч кандай тушоо болбосун деген маани жатат. Тушоонун жиби чырмалышып турат. Мааниси жагынан алганда - бул чырмалган белги адамдын ДНКсынын түзүлүшү менен байланышып турат.
Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалган. Жарышты баштоо үчүн жер жана мара белгиленет. Башкаруучу тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди, аялдарды маранын айланасына, жердин шартына жараша катар отургузат. Жарышка жаш курагы тең балдар же кыздар катышат. Чоң кишилерди жарыштырган учурлар да болот. Тушоосу кесилүүчү баланы марадан 10-15 метр алыстыкта атасы же апасы, же болбосо айыл аксакалдарынын бири эки бутун ала жип менен тушап кармап турат.
Топтун алдында жарпы жазылып, абдан бир көңүл толкуган акыбалда келип туруп, ымыркайдын тушалуу турган бутундагы жипти шарт кесет. Андан кийин ошол биринчи келген адам ымыркайды колдон алып тушоосу кесилгенден кийинки алгачкы кадамдарын тең бөлүшө жетелеп басат. Демек, дал ушул тушоо кесүү тоюнун түпкү маанисинде ошол бардык атаандаштарын артка калтырып, жеңүүчү болгон адам менен ымыркайдын жан дүйнөсү жанашып, бардык кемчиликтери түздөлүп кетсин. Так ошол күлүк бала сыяктуу мындан аркы жашоосунда дагы, элден артта калбай башын сыймыктуу көтөрүп, ар дайым алдыда жүрсүн деген ой жатат. Тушоо кесилген соң тойго келген наристенин атасы жактан келген эң улуу адам же болбосо айыл аксакалы бата берүүгө тийиш.