"Бавария" футболдук клубу Германия биринчилигинин аягына 5 тур калганда чемпиондукту камсыздады. Аталган клуб Бундес Лиганы 6-ирет катары менен жеңип алды.
Германия биринчилигинин 29-турунда мюнхендик "Бавария" конокто "Аугсбург" футболдук клубу менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө "Аугсбург" командасы эсеп санын 18-мүнөттө Никлас Зюленин голу менен ачса, "Бавария" буга 32-мүнөттө Корентен Толиссонун голу менен жооп берди. 38-мүнөттө Хамес Родригес эсепти 2:1 кылса, 62-мүнөттө Арьен Роббен эсепти 3:1ге кыла алды. Беттештин соңуна 3 мүнөт калганда Сандро Вагнер Рудинин пасынан соң эсепти 4:1 кылып, бул беттешке чекит койду.
Муну менен "Бавария" футболдук клубу Бундес-Лиганын аягына 5 тур калганда 72 упай менен чемпиондукту камсыздай алды. Ал эми турнирдик жадыбалда 2-орунда "Шальке" командасы 52 упай менен жайгашкан.
Айта кетсек, "Бавария" клубу Германия биринчилигин 28-ирет жеңип алды.