"Кыргызстан" фракциясы өкмөттүн отчётун "канааттандырарлык" деп тапты

Бүгүн, 13-апрелде "Кыргызстан" фракциясы өкмөттүн бир жылда аткарган иши боюнча отчётун угуп жатат.

14:40. Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн 2017-жылы аткарган иштери тууралуу депутаттарга айтып жатат.

14:50. Сапар Исаков 2017-жыл экономикалык өсүштөр, саясий туруктуулук, президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүү менен эсте калганын айтты. "Өкмөт парламент бекитип берген иштер, “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын негизинде иштерди алып барууда. Биз коюлган милдеттерди аткардык. Жасаган иштер өлкөнүн мындан ары өнүгүшүнө багыттарды берди", - дейт Исаков.

14:56. Премьер-министр билдиргендей, элдин бийликке болгон ишеними бекемделди. "Өкмөттүн "Ишеним жана биримдик", "Жаңы доорго кырк кадам" программаларынын аткарылышы 90 пайыздан жогору камсыз болду. Элдин мамлекеттик органдарга болгон ишеними 65 пайыз болсо, 2016-жылга караганда 1,5 пайызга көбөйдү. Демек, элдин бийликке болгон ишеними бекемделди", - дейт.

15:02. Исаковдун айтымында, "Таза коом" санариптик программасынын негизинде 2017-жылы чоң иштер аткарылды. "Азыр айыл аймактарда 330дан ашуун калкты тейлөөчү күркөлөр иштеп жатат. Жылдын аягына чейин булар 400дөн ашат. "Ош" жана "Манас" аэропортторуна атайын систем орнотулду. "Акылдуу шаар" долбоору сыноо түрүндө иштеп баштады", - деп билдирди.

15:20. "Былтыркы жыл чек ара маселесин тактоо үчүн ийгиликтүү жыл болду. Өзбекстан менен чек аранын 85 пайызы такталып, тийиштүү келишимге кол коюлду. Дагы 15 пайызы калды. Тажикстан менен чек аранын 60 пайызы такталган, бирок тийиштүү келишимге кол коюлган эмес. Бизге дагы убакыт керек болот”, - дейт өкмөт башчы.

15:31. Депутат Алмазбек Токторов өкмөт башчы берген маалыматтар күмөн жаратып жатканын айтты. "Мен бул отчётту карап чыктым. Индекстерден баштайын. Эң негизги индекс элдин бийликке болгон ишеними болууда. Бул 65 пайыз дедиңиз. Бул кантип аныкталды?" - деп сурады Токторов.

Экономика министри Артём Новиков сурамжылоонун жүргүзүлүшү боюнча айтып берди. "Калктын бийликке болгон ишеними 4 көрсөткүч боюнча аныкталган. Улуттук статистикалык комитети сурамжылоо жүргүзүп, ортодон жогорку деген жыйынтык чыгарды", - деди Новиков.

Алмазбек Токторов Мамлекеттик салык кызматынын ишине болгон нааразычылыктарын айтты. "Мамлекеттик салык кызматына да элдин ишеними 60 пайыз деп көрсөтүлүп турат. Буга ким ишенет? Сизге эл кантип ишенет?" - деп кайрылды Токторов.

Исаков Мамлекеттик салык кызматында абдан көп процесстер бар экенин айтты. "Биз азыр аталган кызматтын баарын электрондук тартипке өткөргөнү жатабыз. Жарым жылдан бери ушул тармакта иш алып бардык. Бул иштер жакында ишке ашат", - деп жооп берди Исаков.

15:44. Депутат Кубанычбек Нурматов тоо-кен тармагындагы инвесторлор менен иштөө боюнча мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. "Тоо-кен тармагында маселе абдан көбөйүп кетти. Кечээ күнү Тогуз-Тородогу окуядан жыйынтык чыгарып, мыйзамды кабыл алсаңар жакшы болмок. Компания лицензия алгандан кийин жергиликтүү эл менен макулдашсын. Балким түшкөн каражаттын 10 пайызын айыл аймагына калтырууну сунуш кыласыңар", - деди Нурматов.

15:53. Сапар Исаков өкмөт "Акылдуу шаар" долбоорун бир канча этап жана кадам ишке ашыра турганын айтты. "Биринчиси жол эрежелерине байланыштуу "Коопсуз шаар" болот. Экинчисинде "Акылдуу шаарга" өтөт. Бишкек шаарынын өзүнө эле 70-80 миллион сомго чейин каражат зарыл боло турганы болжолдонууда. Азыр элге оорчулук келтирбей 5 миллион доллар бюджеттен алынат. БУУнун өнүктүрүү программасы 5 миллион доллар берүүгө даяр. Ошондо дагы 10 миллион доллар каржылоону жергиликтүү фирмалар бергени жатат. Аталган долбоор сыноо түрүндө ишке кирип, бир ай элди даярдап, андан кийин айып салууну улантабыз", - деди Исаков.

16:00. Премьер-министр өкмөттүн Бишкектин четине жаңы шаар куруу планы бар экенин айтты. Буга байланыштуу суроо менен депутат Азизбек Турсунбаев кайрылды. "Жаңы шаар курууну пландасак жакшы болот эле. Ушул маселени карап чыксаңар. Бишкектеги унаа тыгынын көрүп, жүрөк ооруйт", - деди Турсунбаев.
Сапар Исаков өкмөттүн мындай программасы бар экенин билдирди. "Баарыбыз шаардын ичине тыгылбай, шаарды чоңойтушубуз керек. Бул туура маселе", - деди Исаков.

16:16. Депутат Салайдин Айдаров бүгүн, 13-апрелге караган түнү Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы базарларда болгон өрткө көңүл бурду.

"Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы базарларда өрт кырсыгы катталды. Ошондуктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кайрылат элем. Өрт болгондон кийин эмес, өрт болгонго чейин ушул маселени карап чыксаңар болот эле. Өрт коопсуздугун текшерүүгө алыңыздар", - деди Айдаров.

Сапар Исаков өрт боюнча министрлердин маалыматын укканын белгиледи. "Ош базарында" болгон өрт боюнча кылмыш иши козголду. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча базарда үч жерден от күйгүзгөн окшойт. Азыр бул боюнча эң мыкты ыкчам тобу иштеп жатат", - деп жооп берди Сапар Исаков.

16:36. Премьер-министр Бишкектеги жана Жалал-Абаддагы базардан чыккан өрттөн зыян тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча токтомго кол койгонун айтты.

16:48. Депутат Данияр Төлөнов Тогуз-Тородо болгон жаңжалга "Кыргызалтында" иштегендер аралашкан деген сөздүн чын-төгүнүнө кызыкты. Сапар Исаков укук коргоочулардын өтүнүчү боюнча бул тууралуу маалыматты толук бере албай турганын билдирди. "Азыр абдан кызык нерселер чыгып жатат. Укук коргоо органдары мага бул боюнча маалымат бербей турууну суранышты. Ал жерде саясатчылар да аралашканы аныкталып жатат. Баары даярдалып, такталгандан кийин маалымат беребиз. Азыр ИИМ жана башка кызматтар иш алып барууда", - деди Исаков.

17:02. "Кыргызстан" фракциясы өкмөттүн отчётун "канааттандырарлык" деп тапты.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар өкмөттүн отчётун кароодон баш тартты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан