Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу керектигин айтты

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда өлкөнүн шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча чаралар жана маселелер талкууланды. БШКнын төрайымы 13-майда жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Шайлоо дайындалган алты жергиликтүү кеңештин ичинен Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине жана Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешине шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт.

"Токтогул шаардык кеңешине шайлоого 6 партия катышат, алар 21 мандат үчүн күрөшөт. Шайлоого үгүт иштери башталды. Шайлоо комиссияларынын курамдары бекитилди", - деди Шайлдабекова.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу, партиялык системин бекемдөө боюнча жумушту активдештирүүнү сунуштап, саясий партиялардын парламенттик системин өнүктүрүүдө өзгөчө ролун белгиледи.

Ошондой эле ал шайлоо системинин учурдагы маселелерин коомдук жана парламенттик талкуунун, кийинки шайлоого чейин керектүү өзгөртүүлөр киргизилип, шайлоонун катышуучуларына алдын ала түшүндүрүү максатында убакытты так пландаштыруунун зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан