Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Анда өкмөттүн программасын, курамын бекитүү маселелери каралды.
09:30. Жыйын башталды. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кечээ, 19-апрелде "Республика-Ата Журт" фракциясы парламенттеги коалициялык көпчүлүккө киргенин расмий түрдө билдирди. "Республика-Ата Журттун" лидери Жыргалбек Турускулов бул маалыматты тастыктады.
09:35. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кечээ телеканалдардын бирине маек берип жатып, "парламентте 120 өлүк отурат" деп айтканын билдирди.
"Исаков "Кыргыз парламенти бүт дүйнө жүзүнө уят болду" деди. Төрага, сизден өтүнүч, биз бир ай мурун ЖЭБ боюнча чакыралы десек сиз колдодуңуз эле. Ошондо Сапар Исаковду колдоп жатып, биздин сөздү тартып алып, каяша да айткансыз. Регламентке ылайык, парламенттин аброюн коргоого төрага милдеттүү. Биринчиден, чын эле парламентте 120 өлүк отурабы? Өлүк отурбаса, парламенттин намысын кантип коргой аласыз? Саясий эркиңиз жетип, кечирим суратасызбы же сотко бересизби? Ошон үчүн саясий позицияңызды так аныктап коюңуз. Бул биз үчүн өтө маанилүү", - деди Иманалиев.
Төрага Жумабеков "Сапар Исаковдун сөзүн мен да уктум, бул боюнча мыйзамдын чегинде териштирүү жүрөт" деди. Ал эми депутат Иманалиевдин убагында Сапар Исаковду колдогонсуз деген сынына спикер: "Убагында сиз колдогон маселелер да туура эмес болуп чыккан учурлар бар. Исаков кечээ эле айтты, анын сөзү боюнча тийиштүү иш-чаралар болот, күтө туруӊуз", - деген жооп узатты.
09:40. Төрага Дастанбек Жумабеков мыйзамга таянып, өкмөттүн курамын башында парламенттин тийиштүү комитети бекитип, андан соң парламенттин кароосуна түшүшү керектигин айтты. Буга байланыштуу жарым сааттык танапис жарыяланды.
09:50. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өкмөттүн курамын жабык эшиктин артында карап жатат.
11:15. Жогорку Кеңештин аталган комитети өкмөттүн курамын карап бүтө элек. Комитет буга жарым саат сураган.
11:29. Жогорку Кеңештин аталган комитети өкмөттүн курамын карап бүттү. Азыр Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны уланат.
11:35. Жогорку Кеңештин комитети өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.
11:40. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов төрагага жана депутаттарга кайрылып, 10 мүнөттүк танапис жарыялоону суранды. Ал бул суранычын фракциялык жыйын өткөрүү зарылдыгы менен түшүндүрдү. "Биз жыйын өткөрүп, болочок премьер-министрге суроолорду берип алалы", - деди Шыкмаматов.
11:45. Бул сунуш добуш берүүгө коюлуп, көпчүлүк депутаттар аны колдошкон жок. Андан соң Шыкмаматов "Республика-Ата Журтка" кайрылып: "Урматтуу депутаттар, шайлоо баштала электе суроо берип алалы десек, кечээ оппозицияда жүргөн депутаттар каршы добуш берип жатасыңар. 10 мүнөт тагдырды чечип коёбу? Болбосо биз менен эсептешпегиле", - деди Шыкмаматов.
11:47. "Республика-Ата Журттан" депутат Мирлан Жээнчороев Шыкмаматовго кайрылып, төрагада танапис жарыялоого укугу бар экенин айтып, мындан саясат кылбоого чакырды.
11:50. КСДПчы депутат Төрөбай Зулпукаров ар бир фракцияга 10 мүнөт убакыт добушка коюлбастан, танапис бериле турганын белгилегенден кийин "Ата Мекенчилер" залдан чыгышты. Төрага келе турган өкмөт курамына кайрылып, "Ата Мекен" фракциясынын жыйынына барууну тапшырды.
11:52. Жаңы өкмөттүн программасынын аталышы белгилүү болду. Ал "Биримдик, ишеним, жаратмандык" деп аталат.
12:10. Учурда "Ата Мекендин" фракциясынын жыйыны өтүүдө. Анда премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда.
12:14. Абылгазиев: "Өкмөттүн курамына профессионалдар келиши керек болгон. Ошондуктан сунушталган курамда жаңы адамдар да бар. Бир-эки күндө өкмөттү жаңылоо мүмкүн эмес".
12:16. Шыкмаматов Абылгазиевге: "Өмүрбек Текебаевге абакта бир нерсе болсо, жаңы бийлик жооп берет. Мен кечээ угуп аябай начар абалда болдум. Текебаевдин жанына буга чейин адам өлтүрүп камалган адамды алып келебиз деп жатышыптыр. Аялы ыйлап мага чалып жатат. Ошондуктан бул маселени көзөмөлдөңүз", - деп тапшырма койду.
12:18. "Ата Мекен" фракциясынын жыйыны аяктады.
12:20. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны уланды. Трибунага премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев чыгып төмөнкүнү сүйлөдү.
"Жаңы өкмөттүн программасы "Биримдик, Ишеним, Жаратмандык" деп аталат. Өнүгүүнүн эң негизги шарты - коомдогу биримдик жана туруктуулук экендигине баарыбыз ынанып отурабыз. Мамлекетте биримдик болсо, өнүгүү болот. Өткөн жылы эгемендүүлүктүн тарыхында алгачкы ирет бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилди. Сооронбай Шариповичти элибиз зор үмүт менен шайлап ишеним көрсөттү.
Азыр президентибиз элдин ишенимин акташ үчүн өз ишмердигин жаңы барактан баштап отурат. Ушул жагдайда баарыбыз, бийликтин бардык бутактары – Жогорку Кеңеш, өкмөт, жалпы коомчулуктун колдоосу менен президентибизге көмөктөшүп, эл турмушун жакшыртып, мамлекетибизди бекемдөөгө күч аракет жумшообуз керек. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарсак, бардык максаттарга жете алабыз. Сиздер ишеним көрсөтсөңүздөр, биз экономикабызды чыңдап, өндүрүштү жолго коюп, элдин жашоосун жакшыртууга бүт күч-аракетибизди жумшайбыз. Жаратмандык менен иштеп, элдин ишенимин актоого өз салымыбызды кошобуз. Ошондуктан биз программабызды "Биримдик, Ишеним, Жаратмандык” деп атадык”, - деди Абылгазиев.
12:25. Мухаммедкалый Абылгазиев: "Бүгүнкү күндө бийликтин үч бутагы тең - президент, парламент, өкмөт - макулдашып ынтымакта иштөөгө бүт шарттар бар. Коррупция менен күрөш башталды, анын айрым олуттуу натыйжаларына баарыбыз күбө болуп келе жатабыз. Бул элибиздин мүдөөсүнө төп келет. Элибиздин эркин иштеп, бакубат жашоо үчүн бейпилдик жана адилеттүүлүк болушун каалайт", - деди Абылгазиев.
12:30. Абылгазиев саламаттыкты сактоо тармагы боюнча да айтты. "Бул жаатта жүрөк кан-тамыр жана онкологиялык оорулардын өлүмгө алып келишине, ошондой эле энелердин, ымыркайлардын өлүмүнө; калкты таза суу менен камсыздоого; балдарды тамак-аш жана микроэлементтер менен байытуу боюнча программаларды күчөтүүгө басым жасалат", - деди Абылгазиев.
12:32. Премьер-министрликке талапкер билим берүү тармагы боюнча пикирин айтты. "Билим берүүдө -баштапкы билим берүү мектептерине инвестиция салууга басым жасоо; бүтүрүүчүлөрдүн кесипкөйлүгүн күчөтүү максатында билим берүүнү реформалоо жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу артыкчылыктуу багыт болот", - деди Абылгазиев.
12:35. Мухаммедкалый Абылгазиев айлана-чөйрөнү коргоо жаатында эмне иш алып барарын айтты. "Айлана-чөйрөгө зыян алып келе турган жана биздин уникалдуу атаандаштыкка туруштук бере ала турган артыкчылыктарыбызга доо кетире турган экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга жол берилбеши керек. Муну менен бирге коомубуздун алдында турган маанилүү милдеттердин бири - жашоого зарыл болгон жаратылыш ресурстарына – сууга, абага жана жерге аяр, жоопкерчиликтүү мамиле кылуу болуп саналат. Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу туурасында ойлонушубуз керек", - деди Абылгазиев.
12:40. Премьерликке талапкер аймактарды өнүктүрүү иши кандай жүрө турганын айтты. “Өлкө башчысынын жарлыгы менен 2018-жыл "Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыяланган. Буга байланыштуу ар бир кадам аймактык өнүгүү боюнча пландар менен шайкеш болот. Шаарларды аймактык масштабда өнүктүрүү боюнча иш уланат. Шаарлар ар бир аймактагы экономикалык активдүүлүктүн чордонуна айланышы керек. Негизги шаарларда базалык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр уюштурулат. Ипотекалык жана социалдык курулуштар үчүн каражаттар тартылат. Биз чакан шаар менен айылдын жаңы жүзүнүн долбоорун иштеп чыгышыбыз керек”, - деди Абылгазиев.
12:50. Абылгазиевдин баяндамасы аяктап, суроо-жооп башталды. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Эмил Токтошев миграция маселесин көтөрдү. "Мигранттар өлкөгө 2 миллиард 400 миллиондон ашык каражат салды. Алар өлкөнү өнүктүрүүгө зор салым кошуп жатат. Азыр мигранттар боюнча кыскача токтолдуңуз, кандай ойлоруңуз бар", - деп сурады Токтошев.
Абылгазиев бул мамлекеттеги эң оор маселе экенин айтты. "Себеби биздин мамлекеттин өсүшүнө салым кошкон негизги күчтөр башка мамлекетке салым кошуп жатканы өкүндүрөт. Азыр чет жакта жүргөндөрдүн 80 пайызы айылда жашагандар. Азыр аймактар боюнча туура саясат жүргүзүп, жумуш орундарын түзсөк, алардын баарын кайтарууга үмүт болот. Анткени өлкө башчысынын эң негизги багыттарынын бири - миграциялык агымдарды токтотуу", - деп жооп берди Абылгазиев.
12:52. Депутат Эмил Токтошев: "Биз "Энергетикалык холдинг компаниясын" түзүү туура эмес экенин айтканбыз. Азыр жыйынтыгында бул туура эмес экени көрүндү. Ортомчу ишканалар көбөйдү. Ортомчу компаниялар боюнча карап көрөсүзбү? Бул жерде көп маселе бар. Биз энергетиканын өздүк баасы 36 тыйын экенин билебиз. Келгенче 2 сом 36 тыйын болуп кетип жатат. Ортодо бир канча түшүнүксүз фирмалар бар", - деп сурады.
Абылгазиев бул маселе боюнча: "Эми энергетикалык тармакты билесиздер, кандай кризиске учурап жатат. Миллиарддаган насыялар алынган, анын баары биздин өлкөдөгү салык төлөөчүлөрдүн моюнуна түшкөн. Бирок жанагыдай базар механизми эмес, атаандаштыгы жок, башкалардын кызыкчылыгын коргогон механизмдерге мен каршымын. Биздин экономикабызга пайда алып келе турган болсо, бирөөнүн кызыкчылыгы эмес, жалпы бюджетке пайда алып келсе аны колдонуш керек. Мамлекеттик компанияга зыян келтирип, жеке менчик компанияга берүү туура эмес. Бул маселени териштиребиз. Эгер андай көрүнүштөр болсо, чара көрүлүшү керек", - деп жооп берди.
12:55. Абылгазиевге Тогуз-Торо боюнча суроо берилди. "Эл туура эмес кылды, бирок элге түшүндүрүү иштеринде да кемчиликтер болгон. Түшүндүрүү болбогондуктан ошондой кадамга барышты. Бирок биз инвесторду чакыргандан кийин алардын кызыкчылыктарын коргошубуз керек. Ошол эле учурда элдин да кызыкчылыгы корголушу керек", - деди премьерликке талапкер.
13:00. Төрага бир сааттык танапис жарыялады.
14:00. Танапис аяктап, жыйын уланууда.
14:05. Депутат Искендер Матраимов (КСДП): "Азыр министрлер жол тандабаста жүрүшөт. Майды аз ичкен унаада жүрүшсө болбойбу?" - деп нааразычылыгын билдирди.
Абылгазиев бул маселе боюнча: "Министрликтердин тармагына жараша кээ бирлери айыл жерлерин кыдырышы керек. Калктуу айыл жерлерин аралабаса, анда жол тандабастын кереги жок", - деп жооп берди.
Андан соң Матраимов: "Министрлер аймакка барганда унаалары бул жакта калат. Аларды жергиликтүү бийлик тосуп алат. Минип жүргөн унааларына 15-20 литрден май берилет. Бирок минген унаалары гараждан чыкканда 20 литр май ичет. Алар кайдан алып куят? Ар бир орун басарында кызматтык унаа бар. Эртең менен жумушка таштап коюп, аялын жумушка, балдарын мектепке ташыйт. Аймакка унаа менен барышпайт. Ошого кандай карайсыз?" - деген суроо берди. Абылгазиев "эске алабыз" деп жооп кайтарды.
14:15. Депутат Карамат Орозова (КСДП) калктын 40 пайызы жаштар, бирок жумушсуз жүргөнү, чет өлкөгө жумуш издеп кеткени андан көп экенин айтты. "Ошол эле учурда бюджетти толтурууга салым кошкон жаштар көп. Шайлоодо да ошолордун добушу менен келип жатабыз. Алар үчүн саясат, идеология жүргүзгөн министрлик же комитет жок. Ошондуктан Жаштар министрлигин кайрадан алып келүүнү сунуштайм. Министрликтин өз имараты турат", - деди Орозова.
Абылгазиев эске алып, карап көрө турганын айтты.
14:40. "Эркелеп кеткен өкмөт эртелеп кетет экен, аны тарых көргөздү. Эми келе элек өкмөттүн бере элек чайына ийгилик каалайм. Балдардын өкмөтү бат эле кетип, чапанын сүйрөгөн чалдар өкмөтү келиптир. Жаңы өкмөт деп жакшы сөз айтайын десең, жалаң эле буга чейин иштеген өкмөт келиптир. Бир эки сөз айтайын, сиздин негизги максатыңыз экономиканы көтөрүү. Сиздин биринчи вице-премьериңиз куруучу экен. Экинчиси милиционер экен, үчүнчүсү географ, төртүнчүсү тарыхчы экен. Экономиканы кантип эбин табасыз?" - деп суроо салды Момбеков.
Абылгазиев: "Бизде экономика тармагы боюнча вице-премьерликке Замирбек Аскаров баратат. Ош шаарынын экономикалык кубаттуулугу абдан чоң. Жергиликтүү бийлик катары да, мамлекеттик бийлик катары да жакшы системди түшүнөт. Өзүм да каржы тармагында көп жүрдүм. Биз экөөлөп ишти алып барабыз. Экономика министрлигине Олег Панкратов келди. Ал өкмөттүн ишин да, ишкердикти да көрдү. Эксперт болуп да иштеди", - деп жооп берди Абылгазиев.
"Аныңыз 1,5 жыл министр болуп, ушул жерде кулагына "наушник" тагып отуруп, бир да ооз ачкан эмес", - деп комментарий берди Момбеков.
14:54. Депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн курамында аймактык тең салмактуулук сакталбаганына көңүл бурду. "Мага азыркы өкмөттүн курамы да, курагы да купулума толгон жок. Түшүмүн билбейм, түзүмүнө түз эмесмин. Мына 22 өкмөт мүчөсү келди. Аймактык тең салмактуулук сакталыш керек эле. Эмне үчүн бир да таластык жок? Же таластыктар революцияда эле керекпи? Эки Казаков бар эле: бири Түгөлбай Казаков, экинчиси Болсунбек Казаков. Бирөө түрмөдө отурат, бирөө үйүндө отурат. Кенекеевди кетирип тындыңар. Бүтүндөй бир аймактан бир да өкүл жок го?" - деп кайрылды Момбеков.
"Бул жерде 22 министрликти айтып жатабыз, бирок фонд, агенттик, комиссиялар бар, алардын да мамлекеттик мааниси абдан жогору. Ошолорго карап чыгалы", - деп жооп кылды Абылгазиев.
14:57. Мындан тышкары Рыскелди Момбеков энергетика тармагы боюнча суроо берди. "Энергетика министрлигин эмнеге алып келбей жатасыңар? Энергетика министрлерин камай берип түрмө толоюн деп калды. ЖЭБде авария болду. Мурун энергетика министрилигине 23 миллион сом эле кетчү. Азыр "Энергетикалык холдинг" түздүңөр, 75 миллион сом керектелет. 43 киши отурат. Буга сиздин оюңуз кандай?" - деп сурады Момбеков.
Абылгазиев ага жооп кылып: "Биз баарын анализдеп чыгалы. Кен байлыктарда да эмне иштер болду, кандай иш жүрдү? Энергетика боюнча кандай иштер жүрдү? Канча адис иштейт, ошолордун күчү жетеби? Алардын баарын талдап анан жооп берейин. Азыр Улан Рыскуловду мурдагы жумушу боюнча курамга кошуп алып келе жатканыбыз да ушунда. Азыр бул кишинин да ордун көрөлү, министрликте эмне иш кылып жатат. Анан сиздин сунушту карап көрөлү", - деп билдирди.
15:00. Депутат Жанар Акаев: "Сизге азыр президенттен да колдоо бар, парламент да колдоп турат. Азыр Кыргыз мамлекетинде бийликти оппозиция да колдоодо. Кийин иштебей коюп, шылтоо айтканга сиздерде мүмкүнчүлүк жок. Жаңы курам менен келип жатасыздар. Мен сизге эки нерсе каалайм. Биринчиси - Кыргыз мамлекетинде эл адилеттүү, жаратман өкмөткө муктаж. Биринчи кезекте адилеттүүлүк, анан жаратмандык керек. Акыркы учурда өлкө коррупцияга батып калганын көрдүк. ЖЭБ, салык, прокуратура, күч органдарынын пара алганын көрдүңүз. Миллиондоп уурдап жеп жатышат. Бул багытта президентке жардам беришиңиз керек.
Ушундай шартта Көчмөндөр оюндарын өткөрөбүз деп жатабыз. Дүйнөдө олимпиада 4 жылда бир болот. Биз эки жылда бир өткөрүп жатабыз да. Ойлонуп көрсөңөр, ашыкча акчабыз жок. Аны өткөрүү керек, бирок ал акчаны туризмге жумшаган жакшы. 4 жылда бир өткөргөн оң", - деди Акаев.
15:10. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Закир Шарапов болочок өкмөткө суроолор көп жана кайталанма болуп жатканын айтып, суроо-жоопко чек киргизүүнү сунуштады. Ал ар бир фракциянын эки мүчөсүнө гана суроо берүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуш кылды.
Буга депутаттар Рыскелди Момбеков жана Жанар Акаев каршы болушту.
Момбеков ачууланып: "Мурдагы премьер Сапар Исаков телеканалга чыгып парламент өлүк деп туура айтты. Биз азыр башкаруу доорунда жашап жатабыз. Ким башкарып жатат? Өкмөттү бир күндө кетирип, бир күндө алып келип жатабыз. Өкмөткө курамы боюнча, курагы боюнча суроолор берсин! Кошоматчылык кылып жүрүп, көрдүк го. Эркелетип жүрүп эртелетип кетирдик го бир өкмөттү. Эми буларга да берсин да. Мурункулар мурунку эле программа менен эле келип жатпайбы. Ушуларга боор ачып жатса, бизге боор ачыган эч ким жок болуп жатпайбы. Парламентти таркагыла деп эл шыбап жатат, а биз парламентти кайра коргоонун ордуна иттик кылып жатабыз. Ушундай кошоматчылардын айынан "добуш берүүчү машинага" айланып калдык. Аткаруу бийлигине адвокаттык кылбагыла! Эшеги суудан өткөндөн кийин басып да келбейт. Ошону менен Орозо, андан нары Көчмөндөр оюну, андан кийин көпкөндөрдүн оюну деп жаңы жылга кирип кетебиз. "Сунуш бергиле, көңүл бурабыз" деп отура беришет. Көңүл бурбайт, "кидать" этет", - деп сунушту сынга алды.
Жанар Акаев Момбековду колдоду. "Биз парламенттик-президенттик өлкө деп бүт дүйнөгө мактанып жатабыз. Азыр биз күчүбүзгө толуп, өз күчүбүздү көрсөтө турган мезгил келди. Өкмөткө бөйпөңдөгөндү токтотолу. Депутаттар каалагандай сүйлөсүн, чектөө болбосун. Майда маселелерде макулмун. Өкмөт келгенде өзүбүз бөйпөңдөп жатабыз. Бул кетиште парламенттик өлкө боло албайбыз", - деген пикирин айтты.
Жыйынтыгында суроо-жоопко чек коюу сунушу добушка коюлуп, өтпөй калды.
15:20. Депутат Кожобек Рыспаев (КСДП) насыяга алынган каражаттар боюнча анализ жүргүзүүнү сунуш кылды. "Тышкы карызыбыз көбөйдү деп кыйкырып жатабыз. Энергетика тармагына 1 миллиард 600 миллион доллар насыя алганбыз. Анын ичинен 2 миллион доллар грант. Кышында ЖЭБде авария болбогондо, модернизация билинбей кала бермек экен. Мен сизден суранып кетет элем, депутаттар өлкөгө керек деп келишимди жактырып берип жатабыз. Бирок аткаруу бийлиги аны кандай аткарып жатканын көрүп жатасыздар. Бир кычкач - 600 доллар. Жогорку Кеңеш өкмөт менен чогуу комиссия түзүп, акчалардын жумшалышын анализдеп буга чекит коюшубуз керек. Анткени алардын кандай аткарылышын эч ким билбейт", - деди Рыспаев.
15:25. Депутат Кожобек Рыспаев УКМКнын жана ИИМдин башчылыгына келе жаткандарга кайрылып, телефондо тыңшоолор болуп жатканын айтты. "Азыр бардыгы эле "телефонду тыңшап жатат" деп коркуп калышты. Телефонду алсаң эле каңгырап бир кызыктай иштеп калды. Угуп эмне кылат? Ушул жагын карап берсеңиздер", - деди Рыспаев. Өкмөттүн курамына бараткан министрлер бул маселе карала турганын билдиришти.
15:30. "Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев: "Биз ишеним көрсөтпөөнү өкмөт башчыга эмес, өкмөттүн курамына бердик да. Эмне үчүн жарымы кайра келип отурат?" - деп суроо койду.
Абылгазиев коалициялык көпчүлүк менен макулдашканын жооп кылса, Абдылдаев "коалициялык көпчүлүк качан карады?" деп сурады. Абылгазиев фракция лидерлери менен сүйлөшкөнүн айтты. Мындан улам Абдылдаев: "Фракция лидерлери эле чечип коёт экенби? Урматтуу төрага, коалициялык көпчүлүк өкмөттүн курамын караганы боюнча мага протоколдун көчүрмөсүн берип коюуңузду өтүнөм", - деп төрагага кайрылды.
Абдылдаевдин фракциялашы Акылбек Жапаров да ишеним көрсөтпөө өкмөт башчыга гана эмес, өкмөттүн курамына берилгенин эскертти. "Ошондуктан өкмөт башчы мурдагы өкмөттүн курамынан келгендерге сөгүш бербей туруп бир эле эскертүү менен жумуштан алып салса болот", - деди Жапаров.
15:40. "Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов ар бир фракциядан экиден депутат суроо берип, талкууда сөз сүйлөөгө жазылууну сунуш кылды. Залдагы 108 депутаттын ичинен 64 эл өкүлү добуш берүүгө катышып, 58и анын сунушун колдоду, 6 депутат каршы болду.
15:45. Депутат Максат Сабиров ("Республика-Ата Журт") болочок өкмөт "Кумтөр" боюнча кандай чечкиндүү кадамга бара турганын сурады.
Абылгазиев: "Кумтөр" аябай көйгөйлүү маселе. Бул маселени ачык-айкын чечиш керек. Эксперттер "Кумтөр" кени 2023-2024-жылдары бүтөт деп жатат. Бүтөт деп келе коюп, бир маселе чечилди дегенге коомчулук ыраазы эмес. Депутаттар, жарандык коом бул маселени чечүүгө да катышыш керек. Күмөн жаралбоосу зарыл. Туура эмес чечкендерге карата эскирүү мөөнөтү алынып калганы мыйзамда жазылуу. Ошондуктан муну абдан кылдат карап чечпесек болбойт, чечиш керек", - деп жооп берди.
16:00. "Кыргызстан" фракциясынан депутат Азизбек Турсунбаев Бишкектин сыртына жаңы шаар курууну сунуштады. Анын айтымында, Бишкекте коммуникациялык көйгөйлөр көп.
Абылгазиев жаңы технология менен жаңы кичи райондорду салуу болорун айтты.
16:15. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Марлен Маматалиев тоо-кен тармагына лицензия берүүнүн алдында аймактагы эл менен кызматташууну сунуш кылды. "Тогуз-Тородогу чыр чатакка окшогон башка окуялар чыкпашы үчүн лицензия берердин алдында ошол жергиликтүү аймакта коомдук угуу өткөрүп, программалар көрсөтүлсө жакшы болмок. Андан кийин лицензия берилиши керек деп сунуш кылат элем", - деди Маматалиев.
16:20. "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев суу запастарын коңшу өлкөлөргө сатууну сунуш кылды. "Бизде эң чоң суу запастары бар. Келечекте сиздин өкмөт Орто Азия өлкөлөрүнө сууну сатып баштоо боюнча бир программаны баштаса болот эле. Анткени сууну биздин дыйкандар сатып алып жатат. Коңшу өлкөлөр бекер алып жатат. Бул туура эмес, суу товар болушу керек", - деп сунуш кылды Бокоев.
16:40. "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров трибунага чыгып, мамлекеттик тышкы карыз жана аны төлөө жөнүндө билдирүү жасады. "Ушул күндө өлкөнүн карызы 4 жарым миллиард доллардан ашты. Анын 4 миллиарды тышкы карыз, жарым миллиарды ички карыз. Карыз эки жолу 2005-жылы, анан өткөн жылы Орусия биздин карызды кечип бергенде азайган, калган учурда өсүп эле келе жатат. Азыркыга чейин биз карызды кыйла аз төлөп жүргөнбүз. Быйыл 2018-жылы 191 миллион доллар төлөп берип жатабыз. Дагы беш жылдан кийин 320 миллион доллар тышкы карызга гана төлөйбүз. Мынча акчаны биз кайдан табабыз? Болгондо да доллар менен төлөйбүз. Андай акча табуу үчүн экономиканы кубаттап, экспорт көбөйүп, импорт азайышы керек. Анын үстүнө ушул жылдарга "Кумтөр" 100 миллион доллардан ашык киреше берип жатат. Эми басаңдап токтоп кала турган убакыт келип калды. Бизге карыз берген эл аралык уюмдар, мамлекеттер биздин абалыбызды карап туруп, аз да болсо аяп, карыз төлөө мөөнөтүн узартып бериши мүмкүн. Бирок ошол карыздардын ичинен бир карыз абдан коркунучтуу болуп турат. Бул Кытайдын бизге берген карызы. Ал карыз биздин насыянын 44 пайызын түзө баштады. Тактап айтсак, 2010-жылы 2 пайыз болгон, 5 жылдын ичинде 44 пайызга жетти. Кытай биздин карызды кечип да койбойт, узартып да бербейт. Аны төлөө бизде кыйынчылык жаратат деген ой бизде үстөмдүк кылып жатат.
Анын себептери төмөнкүдөй. Биринчиден, "силер бай өлкө болуп туруп карызыңарды кыйнабай кыргыздарга жеңилдик бергиле" деп айта албайбыз. Анткени Кытай экономикасы экинчи орунда болгону менен ар бири киши башына кирешени бөлгөндө орто эле жашаган мамлекетке кирип калат. Экинчиден, 2025-2029-жылдарда Кытайга төлөй турган карыз тышкы карызыбыздын 71 пайызы болуп жатат. Ошол 5 жылда биз бир жарым миллиард тышкы карыз төлөшүбүз керек. Анын 71 пайызы Кытайга тийиштүү.
Үчүнчүдөн, Кытайдын "Эксимбанкы" насыя алып жатканда эле келишимге "карыз кечирилбейт, мөөнөтү узартылбайт, Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн, суверенитетин колдонбойт, талаш тартыштардын баары Кытайдын мыйзамдары менен Гонконгдо гана Кытай тилинде чечилет" деп биздин парламентке келишимди бекитип алышкан.
Ушул жерден айта кетейин, соттошуп калсак, Кытайдын мыйзамы менен гана териштирүү болот дегенге каршы чыкканда менин орун басарыма кол койдуруп, бизди отставкага кетирип жиберишкен", - деди Жапаров.
"Кытай каалаган мезгилде каалаган сумманы бер деп бизден талап кылууга толук акысы бар. Тогуз-Тородо болгон окуя экинчи такыр болбош керек. "Кыргыз өлкөсү насыя үчүн Ысык-Көлдү бизге бериши керек" деп Владимир Жириновскийдин айтканын билебиз. Бир жарым миллиард калкы бар Кытайдан бирөө ошентип чыкса, эмне дейбиз?
Биз сыяктуу Кытайдан көп карыз алган Тажикстан 1 миң чарчы метр жерин Кытайга берди деп интернеттен окуп жатабыз. Такталган маалымататтар боюнча, Кытайдан көп карыз алган Шри-Ланкага бир портту куруп кайра алып алды. Пакистан ошондой эле портту Кытайга кайра берүүгө мажбур болду. Биздин ЖЭБди, энергетикалык системди, жолдорду алып ала турган болсо, биздин кийинки өнүгүүбүз, биз эгемендүүлүгүбүз, суверенитетибиз, жерибизди кантип коргойбуз? Азыр ушул маселелер чыгып жатат. Карыз алган жакшы. Бирок аны төлөө көп чыр менен бүтүшүн өз тажрыйбадан билебиз", - деп билдирди Жапаров.
17:00. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев ИИМге келген талапкерди колдой турганын айтты. "Бирок сизге ишенич кредити жогору болгону менен убактыңыз тар. 3-6 айда чоң реформа кыла албасаңыз, анда биз сизге чоң талап коюп баштайбыз. ИИМ реформа болот деп президент айтканына эки жыл өтүп кетти. Ар бир күн кымбат болуп жатпайбы. 8 ай мурун "Ата Мекен" ушул жерден "Сапар Исаков быша элек экен, кырк кадамы кырк жомокко окшош экен, коё турбайсыңарбы" деп айтканга карабай бекиттиңер эле. Кайран сегиз ай! Ошону түшүнүү үчүн сегиз ай керек болдубу? Азыр биз Орто Азиядагы эң чабал, алсыз, мамлекеттик институттары алсыз иштеген, чиновниктердин деңгээли төмөн, мыйзамдуулукту сактоо жагынан Африканын өлкөлөрүнө тең өлкө болуп калдык", - деди Иманалиев.
17:30. Жогорку Кеңештин 115 депутаты катталып, өкмөттүн программасы үчүн "макул" деп 115 депутат добуш берди. Ал эми өкмөттүн курамы үчүн "макул" деп 115 депутат бир добуштан колдоду.
17:32. Мухаммедкалый Абылгазиев: "Сынды өзүбүзгө айтканыңыздарга ыраазычылык билдирем. Айрым талапкерлер боюнча айтылган сындарды туура кабыл алам. Кыргыз элине кызмат кылууга даярбыз. Бардык маселелерди сиздер менен бирге ачык иш алып барууга мен даярмын", - деп убада берди.
17:33. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны аяктады.
Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекитүүдө
Болочок өкмөт депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө
Абылгазиев өкмөттүн программасы менен тааныштырды
Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулду