Талас. Таласта спорт комплекси ачылат

Талас облусундагы Боо-Терек айыл өкмөтүндө спорт комплекси ачылат. Бул тууралуу  бүгүн, 21-июнда аталган айыл өкмөттүн башчысы Таалай Соорбеков билдирди. Маалыматка таянсак, эртең, 22-июнда саат 12:00дө Боо-Терек айылында Исак Отунбаев атындагы спорт комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи болот. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана айыл эли катышып, анда спорт оюндарынын бир нече түрү көрсөтүлөт. “Айыл өкмөттүн аймагында машыгуучу жерлердин жок болгондугуна байланыштуу жаштар мектептердин спорт залдарына барып жүрүшчү. Ошондуктан машыктыруучулардын аракетинин негизинде ушундай жай ачылып жатат”,- дейт айыл башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан