Шилекей агызган шишкебек! Бишкекте эң даамдуу шишкебек жасаган ашпозчулар сырларын бөлүшөт (сурамжылоонун жыйынтыгы)

SUPER.KG порталы бир апта бою "Бишкекте эң даамдуу шишкебек кайсы жерде жасалат?" деген сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыгында 3 жай алдыга суурулуп чыкты. Алар:

1. "Фаиза"
2. "Жасмин"
3. "Деревяшка"

Окурмандар "эң даамдуу шишкебек жасалат" деп тандап алган жайларга барып, шишкебектин кандай жасаларын билүүгө аракет кылдык.

Сурамжылоодо 1-орунду алган "Фаиза" кафесинин ашпозчусу Айбек Ибраимовдун айтуусунда, шишкебек жасоодо эң башкысы этке көңүл буруу керек.

"Биз шишкебек жасоодо эң негизги көңүлдү этке бурабыз. Шишкебек койдун этинен жасалат, ал койлорду атайын багабыз. Койлор табигый жол менен гана семирет, эч кандай дары же кошумча каражаттар берилбейт. Жаңы союлган жаш малдын этинен жасалган шишкебек жумшак жана ширелүү болот. Ошол себептен да биздин шишкебектерди тамшанып жегендер көп болсо керек. Ал эми шишкебекти маринаддоодо ар бир ашпозчунун эч кимге айтпай турган өзүнчө сыры бар. Эң негизгиси айнек, сыр же чопо идишке маринаддоо керек. Ошондой эле жакшы маанай, сүйүү менен бышыруу абзел", - дейт Ибраимов.

Көпчүлүктүн добушу менен экинчи орунду ээлеген "Жасмин" кафесинин жетекчилиги шишкебек тууралуу кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартты.
Ал эми 3-орунду ээлеген "Деревяшка" кафесинин шишкебек жасаган ашпозчусу Айгүмүш Жумалиева бул кесипти 10 жылдан бери аркалап келет. Ашпозчунун айтымында, мыкты маринаддалган эттен даамдуу шишкебек даярдаса болот.
"Менин бул кесипти аркалаганыма 10 жылдын жүзү болду. Бизде шишкебектин 10дон ашык түрү жасалат. Уйдун, койдун этинен жасалган шишкебектерди маринаддап, 1 суткага муздаткычка салып коюу керек. Ал эми тооктун, балыктын этинен жасалган шишкебектерди 2-3 саат маринаддоо жетиштүү. Шишке сайылган эттерди өз-өзүнчө муздаткычтарда сактоо керек. Шишкебектин даамдуу болушунун себеби жакшы маринаддоодо жана шишкебектердин тандырда бышырылганында. Тандыр ичинде бышкан шишкебек өзгөчө даамга жана жытка ээ болот. Маринаддоого кошулган лимон, анар, ананас, киви ширелери кычкыл болгондуктан, эттеги микроорганизмдерди өлтүрөт жана этти жумшартып, сиңимдүүлүгүн арттырат. Маринадга пияз, сарымсак кошууну унутпаш керек", - дейт Жумалиева.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
wirintai27
2018-05-11 19:27:31
Шашлыкчый номер 1 ге барбапсынар да
0
rysik79
2018-05-12 00:07:27
Эл айтса калп айтпайт мен кошулам жыйынтыка.чындыгында баарыныкы эле жакшы катышкан катышпагандардын
+1
futboler
2018-05-12 00:34:44
Экинчи орунду ээлегенди тизмеден алып салгыла, шашлыгынын сыры ачылып калышынан корккону үчүн
+3
aminali
2018-05-12 03:44:15
Гугулдан да кыйын болуп кеткен го тим эле сыр дебей эле айта бербейби?Азыр эч эле сыр жок,интернетте баары бар.Сыр болгону ,адам этинен эле жасалбаса.Жаны сойулган малдын эти,ышка бышкан баардык нерсе сонун.Приправаларды жыттап,пияз,по фантазии жасай бергиле жердештер.Сыр Пыр деп оздорун сезип алышсын ашпоозчулар деле!
+3
Nurtilek001
2018-05-12 09:53:30
Экинчи орунду алган жасмин кафесин вообщеле тизмеден чыгарып салгыла, каадаланбайле кардарлары учун ачык маалымат кылып маек берип коюунун эмнеси жаман?! тимеле сырларын уйронуп кардарларын тартып кетчудой маек беруудон баштартыптырго, андай ичи тарлардын кереги жок.
+1
Bihter
2018-05-12 12:32:24
Кафе Апшерондун шашлыктары да аябай даамдуу,тизмеге кошсонор болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан