Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны автоунаасы менен топтошкон адамдарды сүздү деп кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июнда кечинде Москванын борбордук көчөлөрүндө мексикалык футбол күйөрмандарын такси сүзүп кеткен. "Мындан улам 8 киши жарадар болгон. Таксист Кыргыз жараны экени айтылууда. Ал айдоочулук күбөлүктү Кыргыз өлкөсүнөн алган. Айдоочу күнү-түнү иштеп, уктабагандыктан рулда уктап кеткенин милиция кызматкерлерине сурак берип жатканда айткан. Жарадар болгон мексикалык жана жергиликтүү жарандардын төртөөсү ооруканага түшкөн. Калгандары жеңил жаракат алган", - деп жазылат маалыматта.