Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров: "Элден чогултулуп жаткан каражат ачык болушу керек"

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчёт берип жатып, тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген. SUPER.KG порталынын тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултуу туурабы деген соболуна "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров жооп берди.

Депутат бул өкмөт көтөрүп чыккан демилге эмес экенин айтты. "Демилгени жаштар көтөрүп чыкты. Эгерде туура түзүлүп, туура колдонулса, бул жакшы нерсе. Учурда мамлекетибиз кедей болгону менен, элибиздин колунда бар болуп жатат. Элден каражат чогултулуп эстеликтер, жолдор курулууда. Сырттан келген инвесторлор мечит салып жатышат. Туура иш жүрсө жакшы болот. Акчаны чогултуп жеп салсак, анда Кыргыз мамлекетинин аброю төмөндөйт. Элден чогулган акча боюнча мамлекет отчёт бере албай кыйналат. Ошондуктан чогулган, жумшалган акча ачык болуусу шарт", - деди Сабиров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Бактыбек Райымкулов, жарандык активист Акбалык Жумалиева, экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан