Фарид Ниязов кеткенден бери президенттин аппарат башчысынын орду бош турат. SUPER.KG порталынын бул кызматка татыктуу кадр жокпу же башка себеби барбы деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
Турдукулов бул маселе чечилиш керектигин, президент өзү да бул маселенин чечилишине кызыкдар болушу керектигин белгиледи.
"Бул туура коюлган суроо, анткени президенттин ишин алдыга жылдырган аппараты болуп эсептелет, анан ошол жердеги башкы фигура - аппарат жетекчиси. Бүгүнкү күнгө чейин ал кызматка эч ким дайындалбаганы суроо жаратат, буга биринчи кезекте президент өзү жооп бериши керек, толук жоопту өзү билет.
Менимче, президент техникалык фигураны коёмбу же саясий фигураны коёмбу деген тандоонун астында турат. Себеби саясатта президенттин аппарат жетекчиси өзүнчө бир саясий оюндарды жүргүзүп кеткен учурлар да болгон, президент ушул жагынан да кооптонуп жаткан болуш керек. Дагы бир жагы тажрыйбалуу, ишти алдыга сүйрөп кеткен адамды да таппай жаткан болушу мүмкүн. Бирок айтып коюш керек, бул маселе эртерээк чечилиш керек, президент да буга кызыкдар", - деди Турдукулов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Жанар Акаев, саясий серепчилер Марс Сариев, Бакыт Бакетаев, Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.