КҮНСЕРЕП: Илмияновго "илинчек" табылды. Ал Атамбаевдин портрети

Бүгүн, 21-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Коомчулук бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди жандаган адамдардын бири Икрамжан Илмияновго байланыштуу таратылган маалыматты талкууга алды. Кечээ УКМКга Илмияновдун үстүнөн “чукул аралыкта чара көргүлө” деп суралган арыз жазылганы белгилүү болгон. Арыз ээси, сүрөтчү Азамат Жаналиев 2017-жылдын декабрь айында Алмазбек Атамбаевдин портретин Икрамжан Илмияновго 10 миң долларга баалап сатканын, Илмиянов алдынан 2 миң 500 доллар бергенин, калган бөлүгүн төлөбөй жүргөнүн айтып, чара көрүүнү суранган. Андан тышкары сүрөтчү коллекциясындагы кеминде ар бири 15 миң доллардан турган 3 картинасын Дубайда сатуу максатында Илмияновго бергенин билдирди. Жыйынтыгында 52 миң доллар зыян тарттым деген сүрөтчү бул акчасын ала албай жатканын жазган.

Коомчулукка бул маалымат таратылган соң Илмиянов мүчө болгон Кыргызстандагы социал-демократтар партиясы окуя боюнча билдирүү таратты. КСДПнын маалыматында сүрөтчү картинаны белек катары бергенин, кийинчерээк үй-бүлөсүндө көйгөйлөр болуп жатканын айтып, “белегин” сатып алууну таңуулай баштаганда Икрамжан Илмиянов аны кабыл алып, 2 миң 500 доллар бергендиги айтылат. “Жаналиев акчаны сүйүнүү менен алган жана кошумча төлөм тууралуу сөз болгон эмес” деп билдиришти КСДПдан. Партия сүрөтчү алган акчасын кайтарып берсе, картина да кайтарыларын жарыялады. КСДП сүрөтчүнүн арызда Дубайдагы башка картиналар тууралуу жазганын калп маалымат атап, анын бул кадамы жоопкерчиликке тартууга негиз болуп бере аларын баса белгиледи.

Сүрөтчүнүн карызды өндүрүү боюнча милицияга эмес, УКМКга кайрылуусу, аталган мекеменин ал арызды кабыл алгандыгы көп суроону жаратат. УКМК кайсы бир жарандын акчасын экинчи жарандан өндүрүп берүү өңдүү иштер менен алектенеби? Эки жарандын ортосундагы мындай аласа-бересенин мамлекеттин улуттук коопсуздугуна эмне тиешеси бар?..

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина бүгүн парламентте КСДПнын оппоненттерине карата кайрылуу жасады. Бирок ал оппоненттер ким же кимдер экенин ачык айткан жок. Кайрылуунун маанисинен улам эл өкүлү КСДП фракциясынын бийликчил тобунда эмес, оппозициячыл тобунун атынан кайрылууну окуп берди деп кабыл алууга болот. Депутаттын сөзүндө айтылган эки урунттуу учурга токтолсок.

Биринчиси. “УКМКнын тергөө изолятору саясий негизде камалгандардын мейманканасына айланбашы керек. Кулматовго эмне үчүн террорист, рецидивист же киши өлтүргүчтөй кылып кишен салынды?” - деп суроо салат, Карамушкина. Анын айтымында, эл коррупцияга каршы күрөштү колдойт, бирок аша чабууга жана репрессияга каршы. “Биз 37-жылдардан өткөнбүз, анын тарыхын билебиз” деп улантты эл өкүлү. Ушундай маанидеги кайрылуу менен бир жыл мурда экс-президент Роза Отунбаева чыккан. Ал Жогорку Кеңештин депутаты жана “Ата Мекен” фракциясынын лидери, мамлекеттик ишмер Өмүрбек Текебаевдин учактын тепкичинен кармалып, камакка алынышын эл аралык масштабдагы коркунучтуу террорчуну кармоого теңеген. “Коомчулуктун саясий репрессияны токтотуу керек деген талабы адилеттүү” деген эле Отунбаева. Бул кайрылуу Жогорку Кеңештин депутаттарына да жолдонгонуна карабай, ошол кезде Ирина Карамушкина үн кошкон эмес.

Экинчиси. “Бажы кызматында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эсебинен туйтунуп алган айрым мамлекеттик чөнтөкчүлөр керек болсо өлкөдөн чыгып кетишүүдө. Коррупцияга каршы күрөш аларга карата жүрбөй жатат”, - деди депутат. Бул сөздүн мисалында кылмыш иши козголгон соң бир айдан кийин гана издөөгө жарыяланган Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев турары шексиз. Президент Сооронбай Жээнбековдун февраль айында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы резонанс жараткан сөзүнөн бери 4 ай өттү. Жайкы каникулдар, эс алуулар, талаа-түздөгү иштерден соң коомчулук бул аралыкта эмне өзгөрүү болду деген суроого жооп издей баштайт. Бийлик элди саясий куугунтук эмес, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканына ишендириши керек болот. Ал үчүн бийлик өзүнүн катарын тазалоого барар-барбасы бүдөмүк...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан