"Мен Кыргыз өлкөсүндө парламенттик демократия орношун көздөйм" дейт Сооронбай Жээнбеков

"Мен Кыргыз өлкөсүндө парламенттик демократия орношун каалайм" деп бүгүн, 27-июнда президент Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда айтты. Бүгүн өлкө башчысы Жогорку Кеңеште жалпы жарандарга кеңири кайрылуу жасады.

Анда 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо тууралуу пикирин айтып кетти. "Кыргыз өлкөсүндө авторитаризмди орнотуунун потенциалдык мүмкүнчүлүгүн жоюш керек деп эсептейм. Менин терең ишенимимде, кыргыз коомунун кыртышына жана табиятына парламенттик демократия туура келет. Бул мамлекеттин туруктуу өнүгүп, коомдо стабилдүүлүктүн бекем орношуна негиз болот. Ушул чоң саясий реформаны ишке ашыруу - келечектеги максатыбыз. Келерки шайлоонун бардык этабын ачык, таза, адилеттүү өткөрүү керек", - деди президент.

Ошондой эле Жогорку Кеңеш өкмөт менен чогуу жоопкерчилик алып, иштөөсү зарыл экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан