Бүгүн, 27-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, депутаттар менен элге кайрылуу жасады. Анын парламентке келери бир күн мурда айтылгандыктан өлкөдөгү соңку саясий окуяларга карата президенттин позициясын көпчүлүк кызыгуу менен күтүп турган. Жээнбековдун сөзүнүн урунттуу учурлары эмне болду, дегеле урунттуу учурлары болдубу? Кайрылуудан соң башкы талкууга ушул суроо чыкты.
Мамлекет башчы сөзүнүн башында экс-президент Алмазбек Атамбаев башкарып турган акыркы жылдардагы жетишкендиктерге токтолду. Коомубузда тынчтык, саясий туруктуулук орногону, ири долбоорлор ишке ашырылып, экспорттук потенциал өсүп жатканы сыяктуу иштер эсепке алынды. Андан ары бул позитивдүү жылыштар жетишсиз экендигин айтып, кандай өзгөрүүлөр керектигин айтып улады. Жарым сааттай созулган кайрылууда президент “керек, зарыл” деген сөздөрдү өтө көп кайталады.
Кайрылуунун дээрлик бардык учуру мурда-кийин айтылып жүргөн сөздөр болду. “Коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт, бул күрөш эч качан саясий өңүттө болбойт” дегени жаңычыл билдирүү катары кабыл алынды. Акыркы айларда Бишкек ЖЭБин жаңылоо алкагында козголгон кылмыш ишинен улам кармалгандарга байланыштуу “коррупцияга каршы күрөш эмес эле, саясий куугунтук, өч алуу жүрүп жатат” деген сындар басымдуу болуп жаткан. Мына ушул жагдай “өч алуу болбойт” деген кепти басым менен айтууга президентти аргасыз кылды көрүнөт. Коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатканына ынандыруу оор болуп жатканын моюндаган өлкө башчы күрөш коомдун колдоосуна муктаж экенин билдирди. “Уурулар байлыгына манчыркап жүрмөк тургай, коомдун жек көрүүсүн сезип, арабызда баса албай турган чөйрөнү түзүү керек” деди ал.
Өлкөнүн өнүгүүсүнө негиз болчу улуттук долбоорлордун сап башында Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолу айтылды. Президент буга өзгөчө маани берип жатканын, атүгүл бул планды ишке ашыруу үчүн Орусия менен позициялар такталып жатканын айтты. Жээнбековдун бул сөзү “Кытай менен ири долбоорлорду ишке ашырууга Орусиянын макулдугу керекпи?” деген суроолорду жаратты.
Темир жолдон кийинки эле ири долбоор деп Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу аталды. Кытай тараптын насыясы менен салынып жаткан аталган жолдун курулушунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодогудай эле “бааларды ашырып көрсөтүү болуп жатат, акча уурдалып жатат” деген жоромолдор акыркы күндөрү айтылып жатканы белгилүү. Бирок кайрылууда насыяларды максаттуу пайдалануу, тышкы карыздын көлөмү акыркы жылдары эселеп көбөйүп жатканы, төлөө мөөнөтү келгенде бийлик кандай чара табары жөнүндө сөз болгон жок.
Эки жылдан кийин өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого токтолгон мамлекет башчы мурдагыдай эле парламенттик демократиянын орнотулушу зарыл экенин айтты. Муну буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев да айтып келген. Жогорку Кеңештин колдоосу болбогондо өлкө башчы акыркы кадрдык чечимдерин ишке ашыра алмак эмес. 2020-жылы парламентке кандай күчтөр келери азырынча белгисиз. Президенттик команда парламенттеги колдоосун Жогорку Кеңештин жаңы курамында да сактап калууга аракет кылары анык. Андыктан жакынкы эки жылда КСДП үчүн күрөш же президент Сооронбай Жээнбеков артында турган жаңы партиянын саясий аренага чыгышы күтүлөт.
Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 7 айдан ашты. Коопсуздук кеңештин жыйынынын өткөнүнө 4 ай, Сотторду реформалоо кеңешинин жыйыны өткөнүнө 1 ай болду. Бул багытта иштер башталганына карабай маселелер курч бойдон калып жатканын президент моюнга алды. “Өлкөбүздөгү өтө зарыл маселе — ички иштер органдарын реформалоо абдан кечигип жатат” деди мамлекет башчы. Коопсуздук кеңеши, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы, Башкы прокуратура, Ички иштер министри – бул мамлекеттик органдардын баарынын жетекчилиги алмашкан. Анын үстүнө, Баш мыйзамга ылайык, президент өкмөт мүчөлөрүн – коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын жетекчилерин дайындоо жана кызматтан бошотуу укугуна ээ. Ошентсе да көйгөйлөрдүн тез арада чечилишине эмне тоскоол болуп жатканы айтылган жок.
Жыйынтыктап алганда, Сооронбай Жээнбековдун сөзүнөн анын жарым жылдан ашуун президенттик мөөнөтүндө орчундуу иштердин баары башталыш стадияда турганы түшүнүктүү болду...
Бул аралыкта Малайзияда тарыхында биринчи жолу саясатчынын эң кымбат баадагы мүлкү мамлекетке тартып алынды. Аталган өлкөнүн экс-премьери Нажиб Разактын мамлекеттин эсебине алынган баалуу буюмдарынын баасы 277 миллион доллардын тегерегинде экени айтылды. Укук коргоо органдары жакын арада экс-премьерди жана анын жубайын суракка чакырат.
Эске салсак, 9-майда Малайзияда парламенттик шайлоо өтүп, анда оппозиция лидери Махатхир Мохамад жеңишке жеткен. Жаңы бийлик саналуу күндөрдөн кийин эле Нажиб Разакка жана анын туугандарына өлкөдөн чыгууга тыюу салган. Анткени оппозиция аны казынадан миллиондогон доллар уурдаган, коррупцияга малынган деп айыптап келген.
Малайзия менен окшош эле убакытта өкмөт башчысы алмашкан Арменияда да соңку айда өзгөрүүлөр көп. Оппозициянын массалык митингдеринин толкунунда Никол Пашинян 8-майда бийликке келген. Аталган өлкөдө мурдагы бийликтин өкүлдөрүнө жакын болгон ондогон адамдар түрдүү кылмыштарга шектелип кармалды. Акыркысы болуп Армениянын экс-премьери Серж Саргсяндын бир тууганы полиция бөлүмүнө жеткирилди.
Жогорудагы эки өлкө менен Кыргыз мамлекетиндеги өзгөрүүлөрдү салыштыргандар көп жана ал салыштырууда Кыргыз бийлигин сындагандар арбын. Коррупцияга шектелип кармалгандардын айынан коррупция түп тамыры менен жоюлабы? Жоголгон миллиондор ордуна келтирилеби? Башчылардын алмашуусунан мамлекеттик системде өзгөрүү болобу? Ал өзгөрүүнүн оң таасирин карапайым калк өз жашоосунан качан сезет? Мына ушундай суроолорго азырынча Кыргыз бийлиги жооп бере элек...
Орусиянын “Русгидро” компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча Гаагадагы сотко доо арыз даярдап жаткандыгы тууралуу Кыргыз мамлекетин эскертти. Ал арыз жакында бериле тургандыгын аталган компаниянын башчысы Николай Шульгинов акционерлердин чогулушунда кабарлады. Сапар Исаков премьер-министр кезинде өкмөт “Русгидро” компаниясынан доо арызды кайтарып алууну суранып жатканын билдирген эле. Өкмөт алмашкан соң Мухаммедкалый Абылгазиевдин командасына “Русгидро” карызды эстетип коюуну чечкен өңдөнөт.
Эске салсак, 2012-жылы кол коюлган Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн макулдашуусуна ылайык, Жогорку Нарын ГЭСтер каскады тең үлүштө курулуп жана пайдаланууга берилмек. 2014-жылы курулуш иштери башталып, бирок 2015-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаев Орусия аталган долбоорду ишке ашыра албай турганын айткан. “Русгидро” 37 миллион доллар коротконун айтып, аны Кыргыз тарап келишим боюнча 2016-жылы кайтарып бериши керек болчу. Бул аралыкта Кыргыз парламентинде депутаттардын комиссиясы түзүлүп, ал 37 миллион доллардын жумшалышы боюнча күмөндүү жагдайларды иликтеп чыгууга аракет болгон. Комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов текшерүүдө көп объекттердин курулуш баасы болжол менен эки эседен ашуун жогорулатылганын билдирген.
Өкмөт 37 миллион долларды аталган долбоорду ишке ашыра турган жаӊы инвестордун эсебинен төлөмөк болгон. 2017-жылы өкмөт чехиялык “Лигласс” компаниясын инвестор катары тапканын жар салып, келишим түзүлүп, Кыргыздын “Русгидродогу” карызын жаап бере турганы да жарыяланган. Бирок “Лигласс” Сапар Исаков башкарган өкмөттүн жаңылыштыгы болуп чыкты.
Андан бери аталган ири долбоорго инвестор табыла элек. Орусия тарап аталган долбоорго чын эле 37 миллион доллар коротулду беле же жокпу деген иликтөөнү жүргүзүүгө кызыкдар эмес. Болгону карызды кайтарып берүү керек деп өкмөттү демитип келе жатат...