Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова: "Укук коргоо органдарын өз кызыкчылыктарына пайдалануу токтогон жок"

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду жактаган бейтарап коомдук активисттер азыр аны сындоого өтүштү. SUPER.KG порталынын "Президент эмнеден жаңылууда?" деген соболуна Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.

Ал президентке болгон ишеним азайып бараткандай деген пикирде.

"Мыйзам бузуулар, укук коргоо органдарын өз кызыкчылыктарына пайдалануу токтогон жок. Ошондон улам ишеним азайып бараткандай. Мисалы, казак блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо чечими кабыл алынган", - деди Сооронкулова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Акылбек Жамангулов, жарандык активисттер Даниел Кадырбеков, Өндүрүш Токтонасыров, Адил Турдукулов, Жеңиш Молдокматовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан